Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Тогузбаева: мал багууда санына эмес, сапатына көңүл буруу зарыл

© Sputnik / Табылды Кадырбеков Айыл чарба багытындагы эксперт Дария Тогузбаева
 Айыл чарба багытындагы эксперт Дария Тогузбаева  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
 Айыл чарба багытындагы эксперт Дария Тогузбаева мал багуунун сырларын айтып берди
Тогузбаева: мал багууда санына эмес, сапатына көңүл буруу зарыл

Мал тандоодо алгач аны байлоого же көбөйтүүгө деп бөлүп алуу керек. Көбөйтүүгө калтырган малдын жашына көңүл буруу зарыл. Бул тууралуу Дария Тогузбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өндүрүш үчүн майда жандыктарды беш төл бергенге чейин, ири мүйүздүү малды тогуз, ал эми жылкыны 10 төлгө чейин кармаса болот.

"Мал багууда фермер алардын ден соолугуна дыкат көңүл буруусу керек. Эгер бир жандык ооруп калса, аны дени соо малдардан бөлүп кармоосу абзел. Мындан сырткары, алдын алуу иш-чараларын кечиктирбей өткөрүп, тырмак, мүйүздөрүн убагында кыркып турганы жакшы. Жаш малдарды үч айынан баштап энелеринен бөлүп, оттоого коё бериш керек. Малды базардан сатып алган учурда массалык оору жуктуруп албоо үчүн алгачкы 30 күн башка малдан бөлүп кармаңыз. Ал эми малды жайлоого чыгарарда дароо эле айдап жибербей, акырындык менен көк чөпкө өткөрүп, көндүрүп, анан жиберсеңиз ич өткөк оорусун алдын алган болосуз", - деди Тогузбаева.

Малдын санына кызыгып, жаңылануусуна тоскоол болуп чогуу кармап отура бербей, тукумун асылдандырууга көңүл бурулса, чыгымы аз, пайдасы жогору болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0