Кыргыз балчылар союзунун төрагасы Казим Каракетов

Каракетов: аары багыш үчүн көп жыл билим алуу зарыл

86
Кыргыз балчылар союзунун төрагасы Казим Каракетов аары багуу үчүн бул жаатта билими бар адамга да үч жылдай тажрыйба менен окууну айкалыштырып билим алуу талап кылынарын айтты.
Каракетов: аары багыш үчүн көп жыл билим алуу зарыл

Бал чогултуу кирешелүү ишкерликтей сезилгени менен татаал жумуш. Бул тууралуу Казим Каракетов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бал аарылары өтө сезимтал келет. Бардык жаныбарлардай эле адамдын чын ыкластан жасаган мамилесин сезе билет.

"Мага бал аарысын багуу боюнча кеңеш сурап көп кайрылышат. Мен барына шашпагыла деп айтам. Алгач 4-5 бал челек алып үйрөнүп, андан соң гана жыл сайын акырындап көбөйтүү керек. Дароо эле каражат табуучу ишкерлик катары ойлогон туура эмес. Бул андай бизнеске кирбейт. Аарылар абдан сезимтал келет. Аларды жакшы билем деген адам да үч жылдай үйрөнүп, өзүн көндүрөт. Ал эми бул тармакта такыр билим, тажрыйбасы жоктор 30 жылдай окуса да көптүк кылбайт", — деди Каракетов.

Ал кызыккандарга аары багуу боюнча өзүнүн тажрыйбасы жана чет мамлекеттерден алган билими менен бөлүшүүгө ар дайым даяр экенин кошумчалады.

86
Белгилер:
тажрыйба, ишкердик, аары, бал
Тема боюнча
Каракетов: кыргыз балы дүйнөлүк сынактан эки жолу гран-при утту
Россияда ооруканалардын биринин буфетинде эмгектенген Кайырбүбү Абдыкадырова. Архивдик үрөт

Абдыкадырова: өпкөмдүн 56 пайызы COVID менен жабыркап айыктым

502
Россияда ооруканалардын биринин буфетинде эмгектенген Кайырбүбү Абдыкадырова кантип коронавирустан айыкканын айтып берди.

Вирус өпкөмдүн 56 пайызын жабыркатыптыр. Бул тууралуу Кайырбүбү Абдыкадырова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Абдыкадырова: өпкөмдүн 56 пайызы COVID менен жабыркап айыктым

Анын айтымында, COVID-19 вирусун кайдан, кантип жуктуруп алганын өзү билбей калган.

"Россияда ооруканалардын биринде буфетте иштейм. Бир күнү эле тамагым кычышып, кадимки тамак оорунун белгилери байкалды. Врачка көрүнсөм жөн эле тамак оорусу деп сормо дары жазып берди. Аны колдонуп дагы 4-5 күн үйдө болдум. Бирок оору жоголбой эле күндөн-күнгө күчөп, дене табым 38,5 градуска чыга баштады. Башка дарыгерге барып көрүнсөм алар өпкөнү компьютердик томографиядан өткөрүп, 56 пайызын вирус жабыркатканын айтышты. Андан соң мени Тез жардам менен COVID-19ду дарылаган бейтапканага алып кетишти. Жалпысынан 10-11 күн абдан кыйналдым, ооруканага жаңы барганда өз алдынча дем ала албай аппаратка туташтырышты. Тамакка болгон табитиң жоголуп, көкүрөк тушуң катуу ооруйт экен. Жашым 60ка барып калгандыктан, чынында корктум. Медиктер мыкты дарылагандыктан айыгып кеттим", — деди Абдыкадырова.

Ал вирус аныкталганга чейин беш ирет COVID-19га анализ тапшырып, баары таза чыкканын кошумчалады.

502
Белгилер:
ден соолук, Россия
Тема боюнча
Иманалиев: COVID-19дан улам быйылкы эс алуу тартиби бир топ өзгөрөт
Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин бөлүм башчысы Талант Турдуматов

Турдуматов: аңчылыкка тыюу салынса браконьерчилик күчөп кетиши ыктымал

10
Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин бөлүм башчысы Талант Турдуматов аңчылыктын айрым түрлөрүнө мораторий киргизүү боюнча мыйзам долбоору бул багыттагы мурдагы укуктук документтерди кайталап жатканын айтты.
Турдуматов: аңчылыкка тыюу салынса браконьерчилик күчөп кетиши ыктымал

Аңчылыкка тыюу салуудан мурда егерлердин штатын чечүү керек. Ал үчүн 500 миллион сом каражат керектелет. Ансыз браконьерчилик күчөп кетүүсү ыктымал. Бул тууралуу Талант Турдуматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылдагы өкмөттүн токтомунда жаныбарлардын айрым түрлөрүнө 2026-жылга чейин аңчылык кылууга тыюу салынган.

"Аңчылыкка убактылуу тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору 2015-жылдан бери төртүнчү жолу каралып жатат. Бул жолкусунда да эч кандай өзгөрүүсүз эле сунуштап жатышыптыр. Анткени көп жылдан бери аңчылык кылууга тыюу салынган жаныбарлардын тизмесине маралды кошуп келишет. Ал эми бул жаныбарды атууга буга чейин эле тыюу салынган. Өлкөдө мергенчиликке уруксат берилген аянт 15 миллион гектар болсо, анын алты миллиону өкмөттүн карамагында. Ал жерде 2016-жылдан баштап аңчылык толугу менен токтотулган. Ал эми калган аймактарды атайын ушул багытта иш алып барган фирмалар карайт. Алардын 160-170тей мергенчиси өзүнө таандык аянтты коруп, көзөмөлгө алышат. Эгерде мыйзам долбоору өтүп кетсе, жеке менчик фирмалар көзөмөл кылган жерлер каралбай калат. Себеби өкмөт көзөмөл кылган 6 миллион гектар аянтта 43 егер иш алып барат. Ошондуктан мораторий киргизиштен мурда 160 адистин штатын чечүү зарыл. Ал үчүн 500 миллион сом керектелет. Эгерде мындай болбосо, браконьерчилик көбөйүп кетүүсү ыктымал", — деди Турдуматов.

Ошондой эле ал бардык жаныбарларды атууга тыюу салууга да болбой турганын белгилеп, себеби жаныбарлар арасында ар кандай ылаң жайылганда кооптуу жагдай жарала турганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, 29-майда "Кыргыз Республикасында жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аңчылык кылууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Анда 2026-жылдын 31-декабрына чейин бир катар жаныбарларга аңчылык кылууга убактылуу тыюу салуу каралган.

10
Белгилер:
аңчылык, жаныбарлар, мораторий
Тема боюнча
Кадыров: жаныбарларды атууга тыюу салган мыйзам долбоорунун терс жактары көп
Внедорожник марки Toyota Land, водитель, которого протаранил будку с охранником в центре Бишкека

Куралы бар экен, абайлагыла. Бишкекке жакын жолдогу кинодогудай куугундун видеосу

0
(жаңыланган 22:54 06.06.2020)
Кара түстүү ири жолтандабастын калдаңдап, бирде жолдун бул тарабына, бирде экинчи тарабына чыгып, катуу ылдамдык менен бара жатканын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Бүгүн Бишкектин борборунда күзөтчүнүн будкасын бир нече ирет талкалай сүзүп, дагы бир кызматкер менен мушташкан айдоочуну Чүй облустук ЖКККБнын кызматкерлери кантип кармаган видео тарады.

Эске салсак, ал Токтогул жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде чатак чыгарып, бир нече ирет будканы сүзүп, мушташып, андан жолтандабасын айдап жок болгон.

Көп өтпөй аны автоинспекторлор Токмок аймагынан кармады деген маалымат келип түшкөн. Айдоочунун ичип алганы жана 30 жашта экени айтылып, сүрөтү жарыяланган

Көп өтпөй кудум кинофильмге окшогон сюжеттеги видео интернетке коюлду.

"Короче" Телеграм-каналына чыккан видеодо анын Бишкек — Торугарт трассасында автоинспектордун артынан кууган эки бригадасына моюн бербей качып бара жаткандыгын көрүүгө болот. Окуяны видеого тарткан жаран комментарий берип, ал тургай ок атылганын айтканы даана угулуп турат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Короче KG (@koroche_kg)

Кара түстүү ири жолтандабастын калдаңдап, бирде жолдун бул тарабына, бирде экинчи тарабына чыгып, катуу ылдамдык менен бара жатканын көрүүгө болот. Ал тартип сакчылардан бир топ жерге чейин качып барып, чаңды сапырылта, тегеренип барып оң тарапка токтогон.

Кадрдан чыккан үндөн "куралы бар экен, айбайлагыла" деп эскертип жатканын угууга болот.

Кинофильмдеги фрагменттерди эске салган бул видеодон тартип сакчыларынын жаракат алганы байкалган жок.

0
Белгилер:
кармоо, тартип, күзөтчү, жолтандабас, Бишкек, Кыргызстан
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Бишкек: Land Cruiser айдаган киши күзөтчүнүн будкасын талкалап, мушташкан видео
Бишкек: будканы талкалай сүзүп, күзөтчү менен мушташкан айдоочу кармалды. Сүрөт