Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Садык Шер-Нияз: сыйлыкка көрсөтүүчү комиссия саясий куралга айланды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Садык Шер-Нияз. Архив
Ата Мекен фракциясынын депутаты Садык Шер-Нияз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Садык Шер-Нияз маданият тармагында сыйлыктарды кароо комиссиясына толугу менен чыгармачыл адамдар өздөрү мүчө болуусу зарылдыгын айтты.
Садык Шер-Нияз: сыйлыкка көрсөтүүчү комиссия саясий куралга айланды

Сыйлыкка көрсөтүүчү комиссия саясий куралга айланды. Мындай пикирин Садык Шер-Нияз Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда чыныгы таланттар бааланбай эле шайлоолордун үгүт иштеринде иштеп берген адамдар сыйлыкка ээ болуп жатышат.

"Мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу комиссиясындагы коррупцияны жоюу оңой эле. Болгону ал жакка чыгармачыл адамдардын өздөрүн коюу керек. Кимдин чыныгы талант экенин алардын өздөрүнөн артык эч ким билбейт. Ошондо гана акыйкаттык менен сыйлык алып башташат. Бизде, тилекке каршы, шайлоодо чуркап "кызмат" кылып койгон, ал сыйлыкка татыксыз, ылайыксыз эле адамдар алып жатышат. Ал эми интеллигенттүү, чыныгы таланттар унукпай отурушат", — деди депутат.

Эл өкүлү сыйлык алып, бирок унутулуп кеткенден көрө, мамлекеттик сыйлыгы жок эле элдин эсинде калуу чыныгы таланттуулук деген пикирин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0