Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Айныкеева: аймактагы окуучулардын билимге болгон кызыгуусу жогору

© Sputnik / Асель АкматалиеваПресс-секретарь международного университета инновационных технологий Мээрим Айныкеева
Пресс-секретарь международного университета инновационных технологий Мээрим Айныкеева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык инновациялык технологиялар университетинин маалымат катчысы Мээрим Айныкеева аталган окуу жайдын "Ийгилик жолу" аталышындагы тобу Кыргызстандын жети облусундагы орто мектептерди кыдырып, акыл таймаш өткөрүп келгенин айтты.
Айныкеева: аймактагы окуучулардын билимге болгон кызыгуусу жогору

Аймактардагы окуучулардын билимге болгон кызыгуусу жана аракети жогору. Мындай пикирин Мээрим Айныкеева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, интеллектуалдык оюндун жүрүшүндө балдарга ата-энелери жана мугалимдери өзгөчө дем-күч берип турушкан.

"Мектеп окуучулары арасында уюштурулган республикалык акыл таймаш өтүп жаткан кезде региондордогу окуучулардын билимге болгон кызыгуусу жогору экени байкалды. Биз күтпөгөн суроолорду биринин артынан бирин берип, акыл таймаштын кантип уланарына кызыгып жатышты. Аймактагы 11-класстын бүтүрүүчүлөрү өздөрүнүн дилгирлиги, атаандашуусу менен бизди таң калтырды. Ошондой эле алардын ата-энелери, мугалимдери балдарын колдогону келип, өзгөчө дем-күч берип турушту", — деди Айныкеева.

Ал мындай акыл таймаштар окуучуларга стимул берип турарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0