Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы суучулдар кызматынын башчысы, полковник Урматбек Шамырканов

Шамырканов: бизден окуган суучулдар башка мамлекеттерде да иштей алышат

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы суучулдар кызматынын башчысы, полковник Урматбек Шамырканов былтыр республика боюнча 189 суучул-куткаруучу атайын окуу курстарынан өткөнүн айтты.
Шамырканов: бизден окуган суучулдар башка мамлекеттерде да иштей алышат

Кыргызстанда суучул-куткаруучуларды окутуу программасы эл аралык стандарттарга шайкеш келип, берилчү сертификат чет мамлекеттерде ишке орношууга да жарактуу. Бул тууралуу Урматбек Шамырканов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган адистикке окутуу борбор калаада жана Чолпон-Атада жүргүзүлөт.

"Окутуу эки этапта жүрөт. Өкмөттүк жана муниципалдык көлмө, бассейндердин куткаруучулары биринчи этап менен акысыз окушат. Ал эми менчик пляждын суучул-куткаруучуларын окутуу наркы 3400 сом. Окутуу убактысы 12 иш күнү. Бул аралыкта биздин дасыккан педагогдор сууга түшүү убагында суучул-куткаруучуларга тиешелүү болгон бардык инструкцияларды үйрөтүшөт. Окууну каалагандар 18 жаштан 35 жашка чейинки, ден соолугунун бекемдигин тастыктаган 082 справкасы бар КР жараны болуусу зарыл. Мындан сырткары, 3х4 өлчөмүндөгү эки сүрөт жана иштеген жеринен ушул курска жиберген жолдомо каты керектелет. Ал эми жеке жактар өзүнүн арызынын негизинде кабыл алынат. Учурда документтер топтомун электрондук түрдө министрликтин сайты аркылуу да тапшырса болот", — деди Шамырканов.

Ал ошондой эле сууда сүзүү эрежелерин билип алууну каалаган мектеп окуучулары да кабыл алынарын кошумчалады.

Белгилер:
окутуу, куткаруучулар, суучул
Тема боюнча
Шамырканов: пансионаттарда 100 метр сайын экиден куткаруучу болушу керек
Sputnik Кыргызстан радиосунун Көөнө сөз рубрикасы

Талантбеков: ууландыруучу же мас кылуучу нерсени "кыйгак" десе болот

"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков жаңы кирген сөздөрдү колдонууда дароо эле түз которууга ашыкпай, ата-бабаларыбыз сүйлөп жүргөн аталыштарга маани берүү керектигин айтты.
Талантбеков: ууландыруучу же мас кылуучу нерсени "кыйгак" десе болот

"Кыйгак" найзанын учундагы курч металлды түшүндүрөт. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында маалымдады.

Анын айтымында, бул сөздү бир нече мааниде колдонууга болот.

Манасчи, член общественного объединения Көйкашка Нурбек Талантбеков на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Асель Сыдыкова
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков
"Жыгач найзанын учуна ашталып бекитилген курч металлды "кыйгак" деп койгон. Ошондой эле колду тилип кете турган жалбыракты дагы ушул сөз менен сүрөттөөгө болот. Мындан тышкары, "кыйгак" сөзүнүн өтмө маанисинде уу, ууландыруучу же мас кылуучу нерсе катары түшүнүүгө болот. Бул үч маанисин тең колдонууга мүмкүндүк бар. Адатта ууну өз аты менен эле атап жүрөбүз. Бирок анын синоними катары "кыйгак" деп колдонуу дагы артыкчылык кылбайт", — Талантбеков.

Манасчы көөнө сөздөр күнүмдүк турмушта көбүрөөк колдонулса, тилди байытууга, шөкөттөөгө көмөгү тие турганын кошумчалады.

Белгилер:
Кыргызстан, эне тил, Манас эпосу, Нурбек Талантбеков
Тема боюнча
Талантбеков: "Манас" эпосунда алимент деген сөздүн түшүндүрмөсү бар
КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жомокчу Бегайым Жайчиева

Жайчиева: жомок балдарды гана эмес, чоңдорду да тарбиялайт

КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жомокчу Бегайым Жайчиева жомок балдарды гана эмес, чоңдорду да тарбиялай тургандыгын айтты.

Эгер чоңдор китеп окуп, жомокко маани берсе, ал өзүнүн жүрүм-туруму, кулк-мүнөзүнө көңүл буруп, балдарына туура тарбия бере алат. Мындай оюн Бегайым Жайчиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Жайчиева: жомок балдарды гана эмес, чоңдорду да тарбиялайт

Анын айтымында, чоңдорго арналып жазылган жомоктордун саны көп болгонуна карабастан улуулар ага жакшы маани бербей келишет.

"Жомок менен балдарды гана эмес, чоңдорду да тарбияласа болот. Чоңдорго арналып жазылган жомоктор абдан көп. Кайнене менен келинге, ата менен балага арналган, жаратылышты сактоого, жалкоолукка арналган жомоктор бар. Сулайман Рысбаев деген балдар жазуучусу көптөгөн жомокторду жазат. Ал азыркы күндүн талабы менен мурункуну байланыштырып, кооздоп, тарбиясы терең чыгармаларды жаратууда. Чоң адамдар үчүн да ойлондурган, олуттуу жомоктору көп. Мисалы, "Балык балдар" деген жомогу бар. Көлдүн жээгинде арак ичип, таштандыларды ыргытып булгаган чоң кишилердин туура эмес жоруктарын көргөн кичинекей балдар аларга таарынып, түндө көлгө балык болуп кетишет. Мына ушундай мааниси терең жомокторду улуулар да окуп туруусу зарыл", — деди Жайчиева.

Ошондой эле жомокчу балдар адабиятына өзгөчө көңүл буруп, баланын коомдогу ордун калыптандырыш үчүн ата-энелер балдарга китеп окуп бериши керектигин кошумчалады.

Белгилер:
тарбия, балдар, китеп, жомок, Бегайым Жайчиева
Тема боюнча
Психолог: жомок угуп чоңойгон баланын иммунитети бекем болот
Бишкекте Абхазиядан алып келинген автоунаалардын ээлери нааразычылык акциясына чыгышты

Бишкектин борбордук аянтында кайрадан митинг өтүүдө. Видео

(жаңыланган 14:19 19.04.2021)
Өкмөт үйүнүн жанында 100дөй киши чогулган. Алар Кыргызстанга Абхазия өлкөсүнөн келген унааларды мыйзамдаштырууну талап кылышууда.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Бишкекте Абхазиядан алып келинген автоунаалардын ээлери нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Өкмөт үйүнүн жанында 100дөй киши чогулган. Алар адегенде бир убакта сигнал басып, Садыр Жапаровдун жолугушууга чыгышын талап кылышкан. Милиция ызы-чуу чыгарууга жол берилбей турганын айткандан кийин чогулгандар Өкмөт үйүнүн парад өтүүчү жагына барышкан.

Нааразычылыкка чыккандар Кыргызстанга ташылып келинген абхазиялык номер тагылган автоунааларды мыйзамдаштырып берүүнү талап кылышты. Алардын алдына өкмөттүн өкүлү чыгып, көйгөйдү чечүүнүн жолдорун талкуулашты.

Белгилер:
талап, унаа, номер, Абхазия, митинг
Тема боюнча
Министрлик: Абхазиянын номери тагылган унааларды мамлекет алып коюшу мүмкүн