Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Курманалиев: өрт кырсыктарынын 7 %ы балдардын шоктугунан келип чыгат

© Sputnik / Табылды КадырбековӨзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүү жана профилактикалык иштерин жүргүзүү башкармалыгынын өкүлү, полковник Аман Курманалиев
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүү жана профилактикалык иштерин жүргүзүү башкармалыгынын өкүлү, полковник Аман Курманалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүү жана профилактикалык иштерин жүргүзүү башкармалыгынын өкүлү, полковник Аман Курманалиев жайкы каникул учурунда өспүрүмдөрдүн катыштыгы бар өрт кырсыктарынын саны өсөрүн айтты.
Курманалиев: өрт кырсыктарынын 7 %ы балдардын шоктугунан келип чыгат

Статистикалык маалымат боюнча, жалпы өрт кырсыктарынын 6-7 пайызы балдардын от менен ойногондугунан келип чыгат. Бул тууралуу Аман Курманалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жайкы эс алуу мезгилинде ата-энелер балдарына көзөмөлдү күчөтүп, коопсуздук эрежелерин эскертип турушу керек.

"Жай мезгилинде балдар чөп-чарды өрттөп жиберген учурлар көп катталат. Алар жүгөрүнүн дүмбүлүн жана картошка өңдүү азыктарды бышырабыз деп от жагышат да, аны өчүрбөй кетип калышат. Ал тутанып чоң өрткө айланган учурлар бар. Мындан сырткары, үтүк, электр жылыткыч сыяктуу күнүмдүк тиричилик буюмдарын да өчүрбөй коюп, өрт кырсыгы катталган фактылар болуп келет. Мындан улам ата-энелер балдарын көзөмөлдөп турушу зарыл. Жайкы каникул учурунда өспүрүмдөрдү бош калтырбай ар кандай ийримдерге берип, бир нерсе менен алек кылуу зарыл. Бул багытта биз да түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз. Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу да эскертүүлөр байма-бай болуп турат", — деди Курманалиев.

Ошондой эле ал өлкө аймагы боюнча акыркы беш ай аралыгында 950 өрт кырсыгы катталгандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0