Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Оморканов: балабыз машыккан спортту кымбат деп кейип, бирок тойдо жылкы соёбуз

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Федерации хоккея КР Анвар Оморканов
Президент Федерации хоккея КР Анвар Оморканов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов хоккей спортун кымбат деп айтуу жаңылыштык деген пикирин билдирди.
Оморканов: балабыз машыккан спортту кымбат деп кейип, бирок тойдо жылкы соёбуз

Ата-энелер хоккейде балдарынын спорттук формасын кымбат дешет, бирок, ошол эле учурда, той берип, жылкы союшат. Мындай пикирин Анвар Оморканов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын пикиринде, ата-энелер спортко кеткен каражатка эмес, баланын келечегине көңүл койгону оң.

"Хоккейди акчаны көп корото турчу спорт деп баалаган туура эмес. Ата-энелерди балдарын бул спорт түрү менен машыктырууга үндөсөң эле көбүнесе ушундай жүйөө келтиришет. Бирок өздөрү той бергенде жок дегенде бир жылкы союшат. Союштун баасы 70 000 сом болсо, хоккей менен машыкканда кийүүчү форманы алууга 30 миң сомдун тегерегинде каражат сарпталат. Бул — баланын келечегине салынган инвестиция да. Баарынан убакыт, баланын ден соолугу кымбат. Спорттун кайсы бир түрү менен алектенген келечектеги спортчуну туура тамактандырып, күндө ошол спорттук жайга ташуу, мына ушул түйшүктүү иш", — деди Оморканов.

Ошондой эле ал борбор калаада быйылкы окуу жылында хоккей класстары ачыларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0