Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Чынгышев: жылдан жылга сыра иччү адамдардын саны азайып баратат

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Ассоциации производителей пива Чынгышев Абдралы
Президент Ассоциации производителей пива Чынгышев Абдралы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сыра өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти Абдралы Чынгышев соңку 8 жылда республикада сыраны керектөө 1 миллион декалитрге азайганын айтты.
Чынгышев: жылдан жылга сыра иччү адамдардын саны азайып баратат

Кыргызстанда таркатылып жаткан сыралардын теңинен көбүн атамекендик өндүрүүчүлөр даярдайт. Бул тууралуу Абдралы Чынгышев Sputnik Кыргызстан радиосунун https://sputnik.kg/popup/radio/ "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, барган сайын сыра ичкен кишилердин саны азаюуда.

"Жылдан-жылга сыра иччү адамдардын саны кыскарып жатат. Жаштардын көпчүлүгү мечитке барып, спорт менен алектенип, алкоголдук ичимдиктерди ичүүдөн баш тартууда. Албетте, бул жакшы көрүнүш. Ошондой эле 700-800 миңдей мигрант чет жерде жүрөт. Алардын басымдуу бөлүгү сыра иччү жаштарды түзгөндүктөн сыра өндүрүшүнө таасирин тийгизип жатат. Статистикага таянсак, соңку 7-8 жыл ичинде республикада сыраны керектөө 1 миллион декалитрге азайганы маалым болду", — деди Сыра өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти.

Чынгышев өлкөдө сыра даярдоочулар арасында атаандаштык күч экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0