Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Шамырканов: эс алуучу жайлардын коопсуздугун Экотехинспекция текшерет

© Sputnik / Табылды КадырбековРуководитель водолазной службы МЧС КР Урматбек Шамырканов
Руководитель водолазной службы МЧС КР Урматбек Шамырканов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы суучулдар кызматынын башчысы, полковник Урматбек Шамырканов 2013-жылы мекеме жана ишканалардагы коопсуздук эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө милдети Экологиялык-техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясына өткөрүлүп берилгенин айтты.
Шамырканов: эс алуучу жайлардын коопсуздугун Экотехинспекция текшерет

Өкмөттүн 466-токтомуна ылайык, көлдөгү жана суу жээктердеги эс алуучу жайлардын абалы толугу менен Экотехинспекция тарабынан текшерилет. Бул тууралуу Урматбек Шамырканов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аталган инспекция менен биргеликте иш алып барат.

"Акыркы алты жылдан бери коопсуздукка байланыштуу эрежелердин сакталышын түздөн-түз Экотехинспекция көзөмөлдөп келет. Бул кызмат текшерүүлөрдү жүргүзүп, кооптуу болгон жайларды аныктоо менен ал жактын коопсуздугун камсыздоо багытында иш алып барат. Эгер эреже бузуу фактылары катталса, аталган мекеме тийиштүү чара көрүүгө милдеттүү. Өз кезегинде ӨКМ Экотехинспекция менен чогуу иштешип, көмөктөшүп келет. Мисалы, суучулдар кызматы көл жана суу жээктериндеги эс алуучу жайлардан коопсуздук эрежелеринин бузулушун байкаса, дароо аталган инспекцияга жазуу иретинде маалымдайт. ӨКМдин кызматкерлери өз учурунда түшүндүрүү, окутуу жана машыктыруу иштерин жүргүзүп келет. Азыркы тапта жайкы эс алуу мезгилине толук кандуу даярбыз десек болот", — деди Шамырканов.

Ошондой эле ал бүгүнкү күндө өспүрүмдөрдүн сууга агып жана чөккөн учурлары көп катталып жаткандыгын, ата-энелер өз балдарына сак болуусу керек экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0