Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Матмуратов: жүргүнчү билет алууда эреже менен таанышышы керек

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаведующим отделом гражданской авиации Арзымат Матмуратов
Заведующим отделом гражданской авиации Арзымат Матмуратов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Транспорт жана жолдор министрлигинин жарандык авиация бөлүмүнүн башчысы Арзымат Матмуратов учакка билет сатып алууда эмнелерге көңүл буруу керектигин айтып берди.
Матмуратов: жүргүнчү билет алууда эреже менен таанышышы керек

Жүргүнчүлөр билет сатып алууда эрежелери менен шашпай таанышып чыгуусу керек. Бул тууралуу Арзымат Матмуратов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, каттамдар учуп жаткан учурда аэропортто билет саткан компаниянын өкүлү болушу зарыл. Эгер жок болсо жарандар талап кылганга укугу бар.

"Түрдүү себептерден улам каттам кечигип учуп же такыр эле учпай калган учурлар кездешет. Ага аба ырайы же техникалык себептер тоскоол болушу мүмкүн. Билет сатып алып жатканда мына ушундай абалдан кантип чыгуу керектигин, каякка кайрылуу зарылдыгын авиакомпания өкүлдөрү жүргүнчүгө түшүндүрүп бериши керек же билетке кошо берилген маалыматтык баракчадан окуп алса болот. Ошондой эле каттам учпай калган учурда билеттин наркынын канча пайызы кайтарыларын да алдын ала тактап алыш керек. Негизи эле билет алууда жүргүнчүлөр шашпай бүт эрежелери менен дыкат таанышып чыгуусу абзел", — деди Матмуратов.

Ал билетти канчалык эртерээк алып койсо, баасы ошончолук арзан болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0