Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кутманбеков: параспортчулар фестивалына бийлик өкүлдөрү да катышты

© Фото / Жанар Усонбек уулуЖаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин Талас облусундагы башкармалыгынын жетектөөчү адиси Максат Кутманбеков
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин Талас облусундагы башкармалыгынын жетектөөчү адиси Максат Кутманбеков  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин Талас облусундагы башкармалыгынын жетектөөчү адиси Максат Кутманбеков Талас шаарында алгачкы ирет ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын спорттук фестивалы болуп өткөндүгүн айтты.
Кутманбеков: параспортчулар фестивалына бийлик өкүлдөрү да катышты

"Чектөөсүз спорт" аталышындагы фестиваль Талас облусунда алгачкы жолу, республика боюнча экинчи ирет өткөрүлдү. Бул тууралуу Максат Кутманбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган иш-чара аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында демөөрчүлөрдүн колдоосу менен уюштурулууда.

"1-июнь күнү Талас шаарында "Чектөөсүз спорт" аталышындагы парамарафон болуп өттү. Ага жалпысынан 400 адам катышты. Иш-чаранын максаты - майып адамдарды спортко үндөө жана аларга коомчулуктун көңүлүн буруу болгондуктан, өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев, Талас шаарынын мэри Айдар Жусупбеков жана спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын жетекчиси катышып, чуркашты. Ошондой эле ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген спортчуларды коштоп өспүрүм балдар, бардык каалоочулар келди", — деди Кутманбеков.

Ал аталган фестиваль республиканын башка облустарында улантыларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0