Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдыгулова: жаш хоккейчилерди россиялык машыктыруучулар окутуп жатышат

© Sputnik / Табылды КадырбековХоккей федерациясынын вице-президенти Асел Абдыгулова
Хоккей федерациясынын вице-президенти Асел Абдыгулова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Хоккей федерациясынын вице-президенти Асел Абдыгулова Россия Федерациясынын Хоккей академиясы менен атайын түзүлгөн келишими бар экендигин айтты.
Абдыгулова: жаш хоккейчилерди россиялык машыктыруучулар окутуп жатышат

Меморандумга ылайык, Россиянын СКА академиясынын машыктыруучулары кыргыз хоккейчилери менен тажрыйба бөлүшүп, жаш спортчуларды машыктырышат. Бул тууралуу Асел Абдыгулова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда балдар арасындагы хоккей клубдары көбөйүүдө.

"Биздин федерация тийиштүү иштерди алып барып, жаш спортчуларды эл аралык мелдештерге чыгаруу аракетин көрүп жатат. Алардын бири Россия Федерациясынын хоккей академиясы менен болгон келишим десек болот. Анын негизинде учурда Россиядан келген үч педагог жаш спортчуларды окутууда. Алар жөн эле окутпастан, тажрыйбалары менен бөлүшүп, кыргыздан келечектеги мыкты хоккейчилердин чыгышына чыйыр салууда деп ишенебиз. Биздин буга чейинки жыйынтыктарыбыз да жаман эмес. Жаш хоккейчилер Казакстан жана Россиядан тарта АКШга чейин барып оюн көрсөтүп келишти. Эми алдыда Европа өлкөлөрүнө барып, ал жактан да өз күчүбүздү сынап көрүүнү пландап жатабыз", — деди Абдыгулова.

Ошондой эле ал Бишкек шаарынан өспүрүмдөр арасындагы хоккей боюнча курама командасы 21-27-июлда Чехияда өтө турчу "Чехия шайбасы" аттуу эл аралык мелдешине катышарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0