Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдуллаев: былтыр китеп 1 млн. 770 миң нускада басылып чыкты

© Sputnik / Асель Акматалиева"Кереге" коомдук фондусунун кызматкери Бакытбек Абдуллаев
Кереге коомдук фондусунун кызматкери Бакытбек Абдуллаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кереге" коомдук фондусунун кызматкери Бакытбек Абдуллаев 2018-жылы өлкө боюнча 1450 аталыштагы китеп жарык көргөнүн айтты.
Абдуллаев: былтыр китеп 1 млн. 770 миң нускада басылып чыкты

2018-жылы республика боюнча 1 миллион 770 миң нускада китеп басылып чыкты. Бул тууралуу Бакытбек Абдуллаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өнүккөн мамлекеттерде китептин басылып чыкканына карата бир кишиге 25 китеп туура келсе, ал эми Кыргызстанда үч кишиге бир китеп туура келет.

"Өткөн жылда жалпы республика боюнча жалпы 1450 аталышта 1 миллион 770 миң нуска китеп басылып чыкты. 1450 аталыштын ичинен 1100ү 1000 тиражга чейин жарык көргөн китептер болуп саналат. 2013-жылы бир жылда жалпы миллиондун тегерегинде китеп чыкчу. Ал учурда Кыргызстанда жети кишиге бир китеп туура келсе, ал эми азыр үч кишиге бир китеп туура келип калды. Дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө болсо бир адамга 25 китеп туура келет", — деди Абдуллаев.

Ал китеп которуу оңой иш эместигин, анын авторунан уруксат алуу дээрлик бир жылдай убакыт аларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0