Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Тургумбаева: кан тапшыруу акциясынан 31,5 литр кан чогулду

© Sputnik / Асель АкматалиеваPR-менеджер фонда Help the Children Асель Тургумбаева
PR-менеджер фонда Help the Children Асель Тургумбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Help the Children кайрымдуулук фондусунун PR менеджери Асел Тургумбаева борбор калаада 4-июнда "Кан тапшырып адам өмүрүн сакта" аттуу акция өткөнүн айтты.
Тургумбаева: кан тапшыруу акциясынан 31,5 литр кан чогулду

Аталган иш-чара быйыл алтынчы жолу уюштурулду. Максаты — онкологиялык жана гематологиялык ооруларга кабылган балдарга жардам берүү. Бул тууралуу Асел Тургумбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, иш-чарага жалпы 93 адам келип, 31,5 литр кан чогулган.

"Кандын 100 граммы 492 сом. Онкологиялык жана гематологиялык ооруларга чалдыккан балдар канга абдан муктаж. Алардын ата-энелеринин көпчүлүгү кан сатып алууга шарты жок. Өкмөт тарабынан да бекер кан берилбейт. Ошондуктан аларга жардам берүү максатында Республикалык кан борборунун колдоосу менен "Кан тапшырып адам өмүрүн сакта" аттуу акция өткөрүп келебиз. Бул жылы иш-чарага 93 адам келди. Арасынан эки адам кеч калып, ал эми 21 адам текшерүүдөн өтпөй калды. Жыйынтыгында 70 адам кан тапшырып, андан 31,5 литр кан чогулду. Топтолгон кан муктаж балдарга бекер берилет", — деди Тургумбаева.

Ал акцияга катышкандардын арасында чет өлкөлүктөр да болгонун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0