НТС телеканалынын башкы директору Миржан Балыбаев. Архив

Балыбаев: телеканалдардын көбөйүшү менен жарнаманын баасы түшүп кетти

60
НТС телеканалынын башкы директору Миржан Балыбаев көпчүлүк каналдар пираттык контентти колдонуп жаткандыктан, мыйзам чегинде иштегендер чыгым тартып жатканын айтты.
Балыбаев: телеканалдардын көбөйүшү менен жарнаманын баасы түшүп кетти

"Теле жана радио уктуруулар" жөнүндөгү мыйзамга ылайык, телерадио уюмдар автордук укуктарды сактоого тийиш. Ошондой эле эфирдин 50 пайызы мамлекеттик тилде көрсөтүлүшүнө басым жасалган. Бул тууралуу Миржан Балыбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, каракчылык жол менен иштеп жаткан телеканалдарга тийиштүү мекемелер тезинен көңүл бурбаса, азыр атамекендик телеканалдардын абалы оор.

"Бара-бара уурдалган кинолорду гана көрсөткөн, эфирин каракчылык жол менен алынган мультфильм, клип, тасмалар менен толтурган телеканалдар калып калышы мүмкүн. Ошондуктан ушу тапта жергиликтүү продукциясы 50 пайыздан кем болбогон телеканалдарды жаратууга аракет жасаш керек. Санарипке өткөндөн кийин телеканалдардын саны 60тан ашып, арасынан туруктуу 50 канал эфирге чыгууда. Сандын өсүшү менен жарнаманын баасы да түшүп кетти. Эч кандай чыгаша тартпай, пираттык жол менен иштеп жаткан телеканалдарга да жарнама түшүп жатат. "Атамекендик телеканалдар жашап кете алабы?" деген суроо одоно угулушу мүмкүн, бирок кырдаал жөнгө салынып, тийиштүү мекемелер көңүл бурбаса, бул маселе күндөн-күнгө курчуй берет", — деди Балыбаев.

Ал телеканалдар эфирин жергиликтүү продукция менен толтуруу маселеси каражатка барып такаларын кошумчалады.

60
Белгилер:
эфир, радио, телеканал
Тема боюнча
SputnikPro телеканал жетекчилерин, режиссёрлорун, продюсерлерин чакырат
Жети-Өгүз райондук Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлбара Жаанбаева

Жаанбаева: Жети-Өгүздө балдар үйүнүн ордуна фостердик үй-бүлөлөр иштөөдө

142
Жети-Өгүз райондук Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлбара Жаанбаева аталган райондо учурда алты фостердик үй-бүлө бар экендигин айтты.
Жаанбаева: Жети-Өгүздө балдар үйүнүн ордуна фостердик үй-бүлөлөр иштөөдө

Учурда район боюнча оор кырдаалга кабылган 11 бала алты фостердик ата-эненин колунда тарбияланып жатат. Жалпысынан 17 үй-бүлөнү окутуп, даярдыктан өткөрүп алганбыз. Бул тууралуу Гүлбара Жаанбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 2015-жылдан бери Жети-Өгүз районунда 40тан ашуун бала фостердик үй-бүлөдө тарбияланып чыкты.

"Фостердик үй-бүлө менен балдар үйүнүн айырмасы абдан чоң. Фостердик үй-бүлө же балдарды асырап алган ата-энелерде тарбияланган жеткинчектер кадимки үй шартында, ошол үй-бүлө мүчөсү болуп өсүп жетилет. Үй турмушунда жасалчу иштерди ата-энеси менен биргеликте аткарат. Муну менен жер иштетүү, мал багуу, кыздар ашкана жумуштарын өз алдынча аткарууга даяр болуп чыгышат. Учурда өкмөт дагы балдар үйлөрүн азайтып, фостердик үй-бүлөлөрдү көбөйтүү тапшырмасын койгон. Биз бул багытта жакшы ийгиликтерге жетиштик. 17 үй-бүлөнү атайын окуудан өткөрүп даярдап алганбыз. Алардын алтоондо азыр 11 бала тарбияланып жатат. Жамандык болбой эле койсун, бирок турмуштун оор кырдаалына туш болгон балдар кезиксе биздин район өзүн-өзү камсыздап кете алат", — деди Жаанбаева.

Ал фостердик үй-бүлө болууну каалагандар үчүн атайын критерийлер бар экендигин жана кабыл алынган бала 18 жашка толгончо тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан көзөмөлгө алынып турарын кошумчалады.

142
Белгилер:
Жети-Өгүз району, үй-бүлө, фостердик үй
Тема боюнча
Кочкоров: жарандар бала асырап алууга онлайн арыз бере алат
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Сазыков

Сазыков: 1-июлдан тарта электрондук эсеп-фактура ишке кирет

21
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Сазыков өлкөдө кошумча нарк салыгын төлөөчүлөр 10 миңге чукул экендигин айтты.

Электрондук эсеп-фактуралар, товарларды онлайн идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жана май куюучу жайларды башкаруунун автоматташтырылган системасы 1-июлдан тартып ишке киргизилет. Бул тууралуу Эркин Сазыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Сазыков: 1-июлдан тарта электрондук эсеп-фактура ишке кирет

Анын айтымында, салык жол-жоболорун фискалдаштыруу үчүн аралыктан тейлене алат.

"Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун алкагында тийиштүү долбоорлор киргизилүүдө. 2019-жылдын 1-июлунан тартып электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча сынамык долбоор иштеп баштайт. Учурда ага катышкан үч миңдей компания өзүнүн сунуштарын берүүдө. Бүгүнкү күндө ар бир салык төлөөчү бул система менен туура колдонуусу үчүн аталган компаниялар менен тийиштүү жолугушуулар ар жума сайын жүргүзүлүүдө. 1-июлдан тарта электрондук эсеп-фактураны кошумча нарк салыгын төлөөчүлөр, товар импорттоочулар жана экспорттоочулар милдеттүү түрдө колдонууга тийиш. Республикада КНС төлөөчүлөр 10 миңге чукул. Ал эми товарларды экспорт, импорт кылган компаниялар төрт миңге жакын", — деди Сазыков.

Ошондой эле ал салык жол-жоболорун фискалдаштырууга жетишпей калган компанияларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлө турганын кошумчалады.

21
Белгилер:
эсеп-фактура, салык, Эркин Сазыков
Тема боюнча
Бир айдан кийин өлкөдөгү бардык май куюучу жайлар тыкыр көзөмөлдөнө баштайт
26 мая 2020 года сотрудники ресторана в лицевых масках прогуливаются по району Чайнатаун в Иокогаме, Япония. 25 мая 2020 года

Японияда коронавирустун кесепетинен 16,7 миң адам жумушу жок калды

0
Январдын аягынан 29-майга чейин мейманкана тармагында иштеген 3 700 адам жумуштан кол жууса, туристтик автобустарды башкарган компанияларда эмгектенген 2 287 киши үйдө отуруп калган.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Японияда коронавирустун кесепетинен 16,7 миңден ашык адам жумушсуз калды. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Маалыматка ылайык, январдын аягынан 29-майга чейин мейманкана тармагында иштеген 3 700 адам жумуштан кол жууса, туристтик автобустарды башкарган компанияларда эмгектенген 2 287 киши үйдө отуруп калган. Ал эми өндүрүш тармагында 2 122 адам кызматтан четтетилген. Ошентип коронавирус Японияда биринчи кезекте туризм тармагына байланыштуу жумуштарга сокку урган.

Мындан тышкары, коронавирустун кесепетинен башка тармактарда да жумуш орду кыскарып, миңдеген киши жумушсуз калган.

Префектура боюнча ала турган болсок, жумушсуз калгандардын көбү Токиодо, андан кийин Осакада. Хоккайода шаарында да миңден ашык киши кызматтан кол жууганы айтылды.

Эмгек биржасына консультация алыш үчүн 30 миңден ашык арыз түшкөнү маалым болду.

0
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус
Тема боюнча
Көчүрбөгүлө! Интернетке Samsung смартфонун иштен чыгарган сүрөт тарады
Ичегинин иштөөсүн кайсы азыктар жакшыртат? Дарыгердин кеңеши