Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Базарбаев: саясий кызматкерлердин этикасын эл көзөмөлгө алып турат

© Sputnik / Эркин СадыковКР президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын проректору Кудайберген Базарбаев
КР президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын проректору Кудайберген Базарбаев  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КР президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын проректору Кудайберген Базарбаев өлкөдө саясатчылардын этикасын көзөмөлдөөдө жарандык коом активдүү иштээрин айтты.
Базарбаев: саясий кызматкерлердин этикасын эл көзөмөлгө алып турат

Саясий кызматтагылар болобу, башкасы болобу, мыйзамда көрсөтүлгөн "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин этикасы" кодексине баш ийүүсү зарыл. Бул тууралуу Кудайберген Базарбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кызматкер билимдүү болсо, анын маданияты да жогору болот.

"Президенттин алдындагы Башкаруу академиясы саясий кызматта иштеп жаткан кадрларды да окутат. Аларга жергиликтүү кеңештин депутаттары, айыл өкмөттөр кирет. Биз ушул макамга чейинкилерди квалификациясын жогорулатуу максатында окуу курстарына чакырабыз. Курста мамлекеттик кызматкердин этикасы да окутулат. Жыйынтыгында атайын реферат жазып баа алышат. Ал эми андан жогорку статустагы кызматкерлерди окутуу азырынча каралган эмес. Мүмкүн келечекте ишке ашырып каларбыз", — деди Базарбаев.

Ал окуу жай быйыл 950 саясий кызматкерди курстан өткөрөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0