Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кенжематова: былтыр 40 телеканал текшерилип, 35ине эскертүү берилген

© Sputnik / Досхан НусупбековаЗаотделом правового обеспечения, лицензионного контроля и организационной работы Департамента информации и массовых коммуникаций при Минкультуры Кыял Кенжематова
Заотделом правового обеспечения, лицензионного контроля и организационной работы Департамента информации и массовых коммуникаций при Минкультуры Кыял Кенжематова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат, коммуникация департаментинин Укуктук камсыздоо, лицензиялык көзөмөл, уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы Кыял Кенжематова аталган департаментте 11 кызматкер иштей турганын айтты.
Кенжематова: былтыр 40 телеканал текшерилип, 35ине эскертүү берилген

Маалымат жана массалык коммуникация департаменти лицензиялык талаптын аткарылышын кол менен текшерүүгө аргасыз. Бул тууралуу Кыял Кенжематова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, айрым телеканалдар мыйзамдын талаптарын аткарабыз деп сөз бергени менен аны ушу күнгө чейин бузуп келет.

"Теле жана радио уктуруулар жөнүндөгү" мыйзамга ылайык, телерадиолор автордук укуктарды сактоого тийиш. Ошондой эле эфирдин 50 пайызы мамлекеттик тилде көрсөтүлүшүнө басым жасалган. Бирок алдыңкы телеканалдардын мыйзамды сактабай жатканы айтылууда.

"Азырынча бир дагы телеканал белгиленген эрежелерди бузганы үчүн айыпка жыгыла элек. Бирок азыр кайтадан мониторинг жүргүзүп жатабыз. Эгер лицензиянын талаптарын аткарбаса, ондон ашык телеканал айыпка жыгылышы ыктымал. Юридикалык жактарга 23 миң сом салынса, жеке жактарга жети миң сом каралган. Жергиликтүү каналдарда көрсөтүүлөрүн мониторингге ала турчу автоматташтырылган борбор жок. Тилекке каршы, алардын бардыгын бирден карап текшерип чыгуу керек. Биз колдон келген ишти аткарып жатабыз. Мерчемдүү эмес текшерүүнү 2018-жылдын декабрь айында жүргүзгөндө биринчи 40 каналды карап чыктык. Жыйынтыгында 35ине эскертүү берилди. Бул - ушунчасы мыйзамды аткарбайт деген көрсөткүч. Текшерүүдөн соң абал аз да болсо оңолду", — деди Кенжематова.

Ал бирок телеканалдардын абалы 100 пайыз жакшырды дегенден алыс экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0