IDEA уюмунун программалык менеджери Бексултан Рустамов

Рустамов: региондогу балдар активдүү жана энергиялуу келет

84
(жаңыланган 15:00 10.06.2019)
IDEA уюмунун программалык менеджери Бексултан Рустамов "Балдарга жана жаштарга жагымдуу Кыргызстан" долбоорунун алкагында аймактагы балдар өзү жашаган айылдагы көйгөйлүү маселелерди чечүү жолдорун издегенин айтты.

Көп учурда жаштардын жана балдардын кызыкчылыгы эске алына бербейт. Мындай пикирин Бексултан Рустамов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, балдардын пикирин эске алуу үчүн жаштар өздөрүнүн колунан иш келе турганын көрсөтүш керек.

"Бул долбоор негизинен 2017-жылы башталган. Анда пилоттук негизде 10 айыл өкмөт катышкан. Негизги максат — балдарга жана жаштарга жагымдуу чөйрө түзүү жана айыл өкмөттөрү менен биргелешип жетиштүү шарттарды жаратуу. Баарыбызга маалым болгондой, жаштардын жана балдардын кызыкчылыгы көп эске алына бербейт. Бул маселе бир гана Кыргызстанга эмес, Борбордук Азияга да тиешелүү. Жаштардан мамлекеттин өнүгүшүнө эмне үчүн салым кошпойсуң деп сурашат. Ал эми балдардын пикирин эске алуу үчүн жаштар өздөрүнүн колунан иш келе турганын көрсөтүшү керек. Ошондуктан долбоордун алкагында мектеп окуучулары өздөрү жашаган аймактагы маселелерди чечүүгө аракет жасашты", — деди Рустамов. 

Ал аймактагы балдар абдан активдүү жана энергиялуу экенин кошумчалады.

84
Белгилер:
долбоорлор, Кыргызстан, балдар, жаштар
Тема боюнча
4 тил билгениме сыймыктанбайм деле. КРдин атынан БУУга бараткан Батырбекова менен маек