Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Оторов: ШКУ саммити учурунда 12 эвакуатор тартылат

© Фото / Гульнура ДжекшембаеваИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын үгүт-насаат иштери боюнча тескөөчүсү Тилек Оторов. Архивное фото
ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын үгүт-насаат иштери боюнча тескөөчүсү Тилек Оторов. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын үгүт-насаат иштери боюнча тескөөчүсү Тилек Оторов ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын саммитин өткөрүү учурунда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун кээ бир жолдоруна убактылуу чектөөлөр коюларын айтты.
Оторов: ШКУ саммити учурунда 12 эвакуатор тартылат

Аталган иш-чарада ЖКККББнын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн 700 кызматкер тартылат. Бул тууралуу Тилек Оторов Sputnik Кыргызстан радиосуна билдирди.

Анын айтымында, Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагындагы делегациялар жүрө турган жана иш-чаралар өтчү жайлар жайгашкан көчөлөрдө маал-маалы менен жолдор убактылуу жабылат.

"13-14-июнда борбор калаада өтүүчү ШКУ саммитине байланыштуу иш-чаралар өтүүчү жерлерге 12 эвакуатор тартылат. Такталбаган жерлерде токтотулган жана кароосуз калган автоунаалар эвакуацияланат. Айдоочулар, эреже менен маданиятты сактасаңыздар. Транспорт каражаттарын такталбаган жерлерге токтотпоңуздар, кароосуз калтырбаңыздар. Каршы тилкеге чыгып, тыгын жаратпаңыздар, башкараларга да тоскоол болбоңуздар", — деди Оторов.

Ал шаар тургундарынан маанилүү иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу убактылуу түзүлгөн ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну суранды.

Жаңылыктар түрмөгү
0