Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин реклама жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо башкармалыгынын жетекчиси Назина Алыкулова. Архив

Алыкулова: пираттык жол менен иш алып барган каналдарга чара көрүш керек

26
(жаңыланган 14:19 12.06.2019)
Пираттык жол аркылуу алынган кинофильм, клиптер менен эфирин толтуруп жаткан кыргызстандык телеканалдарга чара көрүү керек.  Бул туурасында Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин реклама жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо башкармалыгынын жетекчиси Назина Алыкулова  айтты.

Телеканалдардан туура эмес жарнама тараткан юридикалык жактарга 17 миң сом айып пул салынат. Бул тууралуу Алыкулова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эфирин каракчылык жол менен табылган продукцияларга толтуруп  иштеген телеканалдарга кемчиликтерин жокко чыгаруу үчүн 30 күн мөөнөт берилет.

"Пираттык контентти колдонгон телеканалдарды текшерүүнү күчөтүш үчүн алгач база керек. Аларга чара көрүүгө биздин толук укугубуз бар. Эфиринин баарын каракчылык жол менен алынган продукцияларга толтурган телеканалдар алгач эскертүү алат. 30 же 45 күн мыйзамсыз иштерин,  кемчиликтерин жокко чыгаруу үчүн берилет. Же административдик жоопко тартылат. Туура эмес жарнамаларды тараткан юридикалык жактарга 17 миң сом айып пул салынат. "Теле жана радио уктурууларжөнүндөгү"  мыйзамга ылайык, ар бир телерадио автордук укуктарды сактоого тийиш", — деди Алыкулова.

Ал мыйзамга ылайык, эфирдин 50 пайызы мамлекеттик тилде болушуна басым жасалышы керектигин айтты. 

26
Белгилер:
мыйзам, кино
Тема боюнча
Кенжематова: былтыр 40 телеканал текшерилип, 35ине эскертүү берилген