Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мамбетов: мамлекет— эксперимент жүргүзүүчү талаа эмес

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов
Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов аталган кызматты аркалоо сунушун толкундануу менен кабыл алганын айтты.
Мамбетов: мамлекет— эксперимент жүргүзүүчү талаа эмес

Өкмөттүн катарында иштөө бул чоң жоопкерчилик. Мен муну жаңы келген кызмат ордумда өзгөчө сезип жатам. Мындай пикирин Алмаз Мамбетов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Мамлекеттик каттоо кызматын жетектөөгө аймактан алган иш тажрыйбасы олуттуу таасирин тийгизе алат.

"Буга чейинки иштеп тапкан тажрыйбамды, чет жактан алган билимимди азыркы кызматымды мыкты аткаруу үчүн толугу менен жумшайм. Айта кетчү жагдай, борбор калаада өкмөт курамында иштөөдө аймактардан тажрыйба алып келүү абдан пайдалуу экен. Мен Каттоо кызматына жетекчи болуп келгенде башка тармактын адиси келди деген нааразы пикирлер да айтылды. Бирок мен андай ойлор менен макул эмесмин. Анткени Балыкчы шаарын жетектеп турган учурумда "Коопсуз шаар" долбоорун республика боюнча алгачкы болуп биз киргизгенбиз. Учурда ийгиликтүү иштеп жатат. Мен бул кызматка келүү сунушун кабыл алып келгенимдин өзү ишти аткарууга даяр экенимди түшүндүрөт. Мамлекеттик кызмат — бул эксперимент жүргүзүүчү талаа эмес да, коюп көрүп, болбой калса алмаштырып кете бергендей. Андыктан бүткүл күчүмдү аталган тармакты өнүктүрүүгө жумшайм", — деди Мамбетов.

Ал Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчилеринин катачылыгын кайталабоого аракет жасарын кошумчалады.

Эске сала кетсек, Алмаз Мамбетов Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагалыгына ушул жылдын 19-апрелинде бекиген. Ал биометрикалык паспорттордун бланкасын сатып алууга байланыштуу өткөрүлгөн тендерде аталган мекемеде орун алган коррупциялык иштерге байланышкан чуудан кийин кызматтан кеткен Алина Шаикованын ордуна келген.

Буга чейин Балыкчы шаарынын мэри болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0