ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Азис Эгембердиев

Эгембердиев: ата-энелер, балдар сууга түшүүгө жалгыз кетпесин

210
ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Азис Эгембердиев аталган башкармалык облустагы суу объектилерин инвентаризациядан өткөргөндүгүн айтты.
Эгембердиев: ата-энелер, балдар сууга түшүүгө жалгыз кетпесин

Чүй облусунун аймагында жалпысынан 399 көлмө, канал суулары болсо, анын 22си гана түшүүгө жарактуу. Бул тууралуу Азис Эгембердиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, сууга түшүүгө кооптуу аймактарга тыюу салган атайын белгилер орнотулууда.

"Жай мезгилинде балдар каникулга чыгышат. Келген туристтер да Чүй облусу аркылуу республиканын башка аймактарына барышат. Андыктан бул учурда сууга түшкөндөрдүн саны көбөйөт. Тилекке каршы, жаш балдар ата-энесинин көзөмөлүсүз, өз алдынча кооптуу аймактарда киринип, кырсыкка учурап калып жатышат. Балдар түшкөн суулар көбүнесе сугатчылык багытында колдонулат, терең же астында таш, дүмүрлөр бар болуп калат. Балдарга мындай кооптуу жагдайлар боюнча окуу учурунда мектептерди кыдырып айтып келебиз. Сууга түшүүгө болбогон жайларга атайын белгилерди да коюп жатабыз. Ошентсе да ата-энелерди өз балдарына көңүл бурууга, чоң кишинин кароосу жок сууга түшүүгө жибербөөгө чакырып кетем", — деди Эгембердиев.

Ал сууга түшүүгө уруксат берилген 22 көлмө, бассейндерде куткаруучулар иштерин кошумчалады.

210
Белгилер:
ата-эне, балдар, сууга түшүү, көлмө
Тема боюнча
Шамырканов: эс алуучу жайлардын коопсуздугун Экотехинспекция текшерет
Улуттук статистика комитетинин статистикалык каттоолор бөлүмүнүн башкы адиси Жолдошбек Соодаев. Архив

Соодаев: эл каттоодо мигранттар тууралуу маалыматтар топтолот

33
Улуттук статистика комитетинин статистикалык каттоолор бөлүмүнүн башкы адиси Жолдошбек Соодаев элди жана турак жайды каттоо 96 пайыз даяр болуп калганын айтты.
Соодаев: эл каттоодо мигранттар тууралуу маалыматтар топтолот

Бул жолку жүргүзүлө турган элди жана турак жайды каттоодо мигранттар тууралуу маалыматтар топтолот. Бул тууралуу Жолдошбек Соодаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган өнөктүктү жүргүзүү эпидемиологиялык абалдан улам белгисиз мөөнөткө жылдырылган.

Эл каттоо: үйгө шылуун эмес, каттоочу келгенин кантип айырмаласа болот

"КМШга мүчө-мамлекеттер 2019-жылдын күзүнөн 2020-жылдын жазына чейин эл каттоо өткөрүш керек болчу. Анын ичинен Кыргызстан алгачкылардан болуп ушул жылдын 21-мартынан 1-апрелине чейин жүргүзө турганын расмий белгилеген. Аны өткөрүү үчүн тийиштүү даярдыктар жүргүзүлүп, бирок коронавирустук пандемияга байланыштуу убактылуу жылдырылды. Мерчемделгени боюнча, эл каттоо бул жолу электрондук форматта, телефон аркылуу жүргүзүлөт. Ошондой эле бул жолку өнөктүктө эмгек мигранттары тууралуу кеңири малыматтар топтолот. Бул мекендештерибиздин агымы кайсы өлкөгө күч болуп жатканын жана эмне менен алектенерин билүүгө шарт түзөт", — деди Соодаев.

Адис ошондой эле каттоодо турак жай жана анын ичиндеги шарттар тууралуу маалыматтар чогултула турганын кошумчалады.

33
Белгилер:
мигранттар, Кыргызстан, каттоо
Тема боюнча
Соодаев: эл каттоодо мүмкүнчүлүгү чектелгендер тууралуу маалымат топтолот
Экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров

Абдыров: Кыргызстан ЕАЭБдин мүмкүнчүлүктөрүн колдоно албай жатат

37
Экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров ЕАЭБге кирген беш жылдын ичинде Бажы кодексине Кыргызстан анча маанилүү эмес сунуштарды берип келе жатканын айтты.
Абдыров: Кыргызстан ЕАЭБдин мүмкүнчүлүктөрүн колдоно албай жатат

Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин мүмкүнчүлүктөрүн тийиштүү деңгээлде колдоно албай жатат. Мындай пикирин Төлөнбек Абдыров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ЕАЭБ менен түздөн-түз иш алып барган Экономика министрлигинде бир башкармалык жана бир эле сектор бар.

Казакова: ЕАЭБ мигранттары Россияда жергиликтүүлөр менен теңата иштешет

"Эгемендүүлүк алгандан бери Кыргызстан бир топ экономикалык, соода жүргүзүү боюнча уюмдарга кирген. Бирок алардын пайдасын көрө албайт. Себеби бул багытта иш алып баруу боюнча стратегиялык пландар түзүлбөйт. Евразиялык экономикалык биримдигинин алкагында деле ошондой болуп жатат. Мисалы, уюмга мүчө-мамлекеттер Бажы кодексине 1500дөй сунуш берген. Ал эми Кыргызстан "үтүрдү алып койгула, бул сөздү кошуп койгула" деген сыяктуу анча маанилүү эмес 10го жетпеген сунуш айткан. Башкача айтканда, ЕАЭБдин алкагында тийиштүү деңгээлде Кыргызстандын таламын талашып, уюмдун мүмкүнчүлүктөрү толук кандуу колдонулбай жатат", — деди Абдыров.

Ошондой эле ал ЕАЭБдин алкагында иш алып баруучу Кыргызстандын кадрлары чабал иштеп жатышканын кошумчалады.

37
Белгилер:
кадрлар, Евразиялык экономикалык биримдик, экономика
Тема боюнча
Бактыгулов: ЕАЭБ, Кытай соода алакасы Кыргызстанга 3 млрд. сом пайда берет
Саргарган дарактар. Архив

Бейшембиге карата аба ырайы

0
Бейшембиге караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым райондордо 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Бейшемби күнү, 22-октябрда, күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жамгыр, тоолуу жерлеринде кар жаайт. Өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй менен Таласта +12...+17, Ош, Жалал-Абад облустарында +18...+23, Баткенде +17...+22, ал эми Ысык-Көл, Нарын жергесинде +11...+16 градус болот.

Бишкекте күндүн экинчи жарымында бир аз жаан жааса, ал эми Ошто күн ачык болот. Абанын температурасы борборубузда +15...+17, Ошто +21...+23 градуска көтөрүлөт.

0
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Шашылыш билдирүү! Жакынкы күндөрү аба ырайы кескин өзгөрөт