Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Коркпош керек! Донор кан берүүнүн 4 пайдасын айтып берди

© Sputnik / Асель АкматалиеваДонор Бубугуль Алыбаева
Донор Бубугуль Алыбаева  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Донор Бүбүгүл Алыбаева 2005-жылдан бери донор болуп келе жатканын айтты.
Коркпош керек! Донор кан берүүнүн 4 пайдасын айтып берди

Кан берүүдөн коркпош керек. Мындай пикирин Бүбүгүл Алыбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кан берип адам өмүрүн сактап калгандан өткөн бакыт жок.

"Мен 2005-жылдан бери донор болуп келе жатам. Кан бергенден кийин өзүмдү жакшы сезем. Донор болгондон коркпош керек. Каныбызды бирөөгө берип, ага жашоо тартууласак жакшы да. 35-40 жаштагы адамдардын кан тапшырганы ден соолукка пайдалуу. Анткени аларда мындай куракта ар кандай оорулар башталышы мүмкүн. Кан алдыруудан мурда атайын текшерүүдөн өтөбүз. Майлуу жегендерден, ичкилик ичкендерден жана операция болгондордон кан алынбайт", — деди донор.

Ал ошондой эле ай сайын донор болгондугу үчүн пенсиясына 1000 сом кошулуп турарын кошумчалады.

Эске салсак, эртең, 14-июнь — Кан донорлорунун дүйнөлүк күнү.

Жаңылыктар түрмөгү
0