Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Тургуналиев: Шаабай Азизов "Манас" эпосун тогуз илтикте айткан

© Sputnik / Асель АкматалиеваПрезидент Национальной академии Манаса и Айтматова Топчубек Тургуналиев
Президент Национальной академии Манаса и Айтматова Топчубек Тургуналиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясынын президенти Топчубек Тургуналиев аталган академия "Манас" эпосун дүйнөгө жайылтуу жана аны изилдөө иштери менен алектенерин айтты.
Тургуналиев: Шаабай Азизов "Манас" эпосун тогуз илтикте айткан

"Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы өткөн кылымдын 80-90-жылдары эле түзүлүшү керек болчу. Мындай пикирин Топчубек Тургуналиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, "Манас" эпосун үчилтик деп атоо туура эмес.

"Аталган академия убактысынан кечигип түзүлдү. Мурдагы бийлик башчыларына да мындай академия түзүү боюнча сунушумду берип келгенмин. Тилекке каршы, ишке ашкан эмес. Эми улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымы кошулуп, Улуттук академия түзүлүп, президенттигине мени дайындашты. Академия түзүүнүн зарылчылыгы бар беле деп көптөр сурап жатышат. Албетте, грек элинин Иллиада менен Одиссеясын бириктиргенде "Манас" эпосунан 20 эсеге аз. Якуттардын "Олоңхо" эпосу болгону 12-13 миң саптан турат. Бирок булар ЮНЕСКОнун баалуу мурастар тизмесине "Манастан" мурда киргизилген. "Манас" эпосун үчилтик деп айтуу туура эмес. Ал кыргыздын эркиндигин туу туткан эбегейсиз чоң эпопея. Мисалы, Шаабай Азизов эпостун тогуз илтигин айткан, тилекке каршы, жазылбай калган. Жусуп Мамай өз колу менен сегиз илтигин үч ирет жазып чыккан", — деди Тургуналиев.

Ал ошондой эле улуу манасчы Саякбай Каралаевдин айтуусундагы эпостун 4-5-6-бөлүктөрү начар жазылып калгандыктан китеп болуп басылып чыкпай, Улуттук илимдер академиясында сакталып тургандыгын кошумчалады.

Эске салсак, ушул жылдын 31-январында өлкө башчысы "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясын түзүү боюнча Жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, түзүлгөн академияга 11-июнда Топчубек Тургуналиев президент болуп бекиди.

Жаңылыктар түрмөгү
0