Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Айдаралиева: элди электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырабыз

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Электр станциялары" ААКнын маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева. Архив
Электр станциялары ААКнын маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Электр станциялары" ААКнын маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева Токтогул суу сактагычына агып келген суунун көлөмү бул жылы төмөндөп кеткендигин айтты.
Айдаралиева: элди электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырабыз

13-июнга алынган маалыматка ылайык, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14 миллиард 438 миллион куб метрди түзгөн. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бул көрсөткүч 1 миллиард 697 миллионго аз. Мындан улам электр энергиясын үнөмдөө зарылчылыгы пайда болууда. Бул тууралуу Тагжана Айдаралиева Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, суу сактагычтагы суунун ченеми 1-октябрдан 31-мартка чейин жааган жаан-чачындын жана кардын көлөмүнө жараша азайып же көбөйүп турат.

"Кыргызгидрометтин соңку маалыматына ылайык, Токтогул суу сактагычына агып келген суунун көлөмү 86 пайызга түшүп кеткен. Бул көрсөткүч аталган жайдагы топтолгон суунун азайышына да алып келди. Бизге маалым болгондой, 13-июнда ГЭСтеги суунун көлөмү 14 миллиард 438 миллион куб метрге жеткен. Былтыр бул маалда 16 миллиард 135 миллион куб метрге барабар болчу. Нарын дарыясынын жогору жагында керектүү көлөмдө кар жок. Ошол себептен быйыл суунун көлөмү мурунку жылдарга салыштырмалуу аз болот. Бирок ага карабастан, 1-октябрга чейин 17 миллиард куб метр суу топтойбуз деген планыбыз бар. Бирок ички керектөөчүлөргө электр энергиясын иштеп чыгууда эч кандай чектөө болбойт деп жатабыз. Ошентсе да коомчулукту электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырып кетет элек", — деди Айдаралиева.

Ошондой эле ал Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү табигый өзгөрүүлөргө ылайык ар бир 5-6 жыл сайын азайып, кайра калыбына келип турарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0