Биометрикалык паспорт чыгаруу боюнча өткөрүлгөн тендерде уткан компания кызмат акысын 253 миллион сомго кымбат көрсөтүп жатат. Андыктан жаңы тендер жарыяланат. Бул тууралуу Алмаз Мамбетов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Айтымында, ал жетекчи катары мындай чоң акчанын элдин эсебинен төлөнүшүнө жол бербейт.
"Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги ушул паспорт маселесине байланышкан чырдын арты менен алмашып отурат. Демек, кайра эле ошол мамлекетке 253 миллион сом чыгым алып келе турган компанияга паспорт чыгарууну берип койсом, мени эл кечирбейт. Азыр кайсы компания эң төмөнкү бааны көрсөтсө, ошол ута тургандай жаңы тендер жарыялоону пландап жатабыз", — деди Мамбетов.
Аткаминер паспорттор заман талабына жараша алмашып, коргоо элементтери күчөтүлүп турбаса, айрым мамлекеттерге виза алууда жарандар үчүн кыйынчылыктар жараларын кошумчалады.
"Кыйгак" найзанын учундагы курч металлды түшүндүрөт. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында маалымдады.
Анын айтымында, бул сөздү бир нече мааниде колдонууга болот.
"Жыгач найзанын учуна ашталып бекитилген курч металлды "кыйгак" деп койгон. Ошондой эле колду тилип кете турган жалбыракты дагы ушул сөз менен сүрөттөөгө болот. Мындан тышкары, "кыйгак" сөзүнүн өтмө маанисинде уу, ууландыруучу же мас кылуучу нерсе катары түшүнүүгө болот. Бул үч маанисин тең колдонууга мүмкүндүк бар. Адатта ууну өз аты менен эле атап жүрөбүз. Бирок анын синоними катары "кыйгак" деп колдонуу дагы артыкчылык кылбайт", — Талантбеков.
Манасчы көөнө сөздөр күнүмдүк турмушта көбүрөөк колдонулса, тилди байытууга, шөкөттөөгө көмөгү тие турганын кошумчалады.
Эгер чоңдор китеп окуп, жомокко маани берсе, ал өзүнүн жүрүм-туруму, кулк-мүнөзүнө көңүл буруп, балдарына туура тарбия бере алат. Мындай оюн Бегайым Жайчиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, чоңдорго арналып жазылган жомоктордун саны көп болгонуна карабастан улуулар ага жакшы маани бербей келишет.
"Жомок менен балдарды гана эмес, чоңдорду да тарбияласа болот. Чоңдорго арналып жазылган жомоктор абдан көп. Кайнене менен келинге, ата менен балага арналган, жаратылышты сактоого, жалкоолукка арналган жомоктор бар. Сулайман Рысбаев деген балдар жазуучусу көптөгөн жомокторду жазат. Ал азыркы күндүн талабы менен мурункуну байланыштырып, кооздоп, тарбиясы терең чыгармаларды жаратууда. Чоң адамдар үчүн да ойлондурган, олуттуу жомоктору көп. Мисалы, "Балык балдар" деген жомогу бар. Көлдүн жээгинде арак ичип, таштандыларды ыргытып булгаган чоң кишилердин туура эмес жоруктарын көргөн кичинекей балдар аларга таарынып, түндө көлгө балык болуп кетишет. Мына ушундай мааниси терең жомокторду улуулар да окуп туруусу зарыл", — деди Жайчиева.
Ошондой эле жомокчу балдар адабиятына өзгөчө көңүл буруп, баланын коомдогу ордун калыптандырыш үчүн ата-энелер балдарга китеп окуп бериши керектигин кошумчалады.
Акчасын көбөйтүп алууну ким каалабасын. Ошондуктан кай багытка салуу пайда алып келет деген сууроо туулат. Улуттук банк инвестициялоонун багыттары боюнча кеңештерин берди.
"Акчаңыз сизге утуш алып келиши үчүн туура инвестициялоону билген оң. Процесс эң башында эле татаал жана мүмкүн эмес нерседей туюлат. Эң башкысы — болгон тыйыныңыздын баарын бир тармакка салбоо керектигин эске тутуп, инвестициялоонун инструменттерин ажырата билүү зарыл", — дешти өлкөнүн башкы банкындагылар.
УБ өкүлдөрү инвестициялоонун варианттарын санап, ошондой эле оң жана терс жактарын тизмектеп беришти.
Акция — бул акционердик коом тарабынан чыгарылган үлүштүк баалуу кагаз. Акцияны сатып алуу менен сиз компаниянын үлүшүндө энчиңиз болот. Акционер катары кирешеңиз аталган ишкана рынокто канчалык ийгиликтүү иш алып барарына жараша.
Эгер акционердик коом киреше тапса, анда анын төрттөн кем эмес бөлүгүн ал жыл сайын дивиденд түрүндө акционерлерге төлөп берүүгө тийиш. Дивиденддердин өлчөмү компаниядагы сиздин үлүшүңүзгө пропорциялуу. Бирок ошону менен бирге эле акционерлер компания кыйраган учурда жабыр тартарын да эстен чыгарбоо абзел.
"Акцияга салынган каражат заматта пайда алып келбей турганын дароо такташып алган жакшы. Акцияга инвестициялоо — бул капиталга узак мөөнөттүү салым, андан пайданы сиз 2-3 жылдан кийин гана ала баштайсыз. Акцияга инвестициялоо менен баалуу кагаздын наркы жогорулап да, төмөндөп да кетерин түшүнүүгө тийишсиз. Дал ушул себептен акциялар тобокелдиктин жогорку деңгээлдеги салымдардын түрүнө кирет", — деп белгилейт Улуттук банктагылар.
Облигация — бул карыздык баалуу кагаз. Аны сатып алуу менен сиз компанияга белгилүү бир убакка чейин белгиленген пайыз менен карыз берип турасыз. Облигациялар адатта 2-3,5 жылга чыгарылып, мөөнөтү келгенде компания сиз салган сумманы кайтарып берет. Бир облигациянын баасы миң сом турат. Корпоративдик облигацияларды акционердик жана жоопкерчилиги чектелген коомдор чыгарат.
"Облигация ээлери аны чыгарган компаниянын башкаруу иштерине аралашпайт. Бирок облигацияга ээлик кылуунун артыкчылыгы бар. Акциялардан айырмаланып компаниянын киреше алып-албаганына карабастан пайыздан түшкөн кирешеңиз сизге чегерилет. Облигациялардын оң жагы инвестор каалаган убагында баалуу кагаздарды экинчи рынокто сатып жиберип, башта салган акчасын кайтарып алат. Ошону менен бирге эле пайыздык пайдасын да жоготпойт", — деп белгиледи Улуттук банк.Эгер баалуу кагаздар Кыргыз фондулук биржасында Blue Chips категориясы боюнча листинг жол-жобосунан өткөн болсо, инвесторлор киреше салыгын төлөөдөн бошотулат.
Мамлекеттик баалуу кагаздар ынанымдуулугу жогору деп эсептелгендиктен, тобокелдик дээрлик жок. Мамлекеттин атынан өлкөнүн Финансы министрлиги бул баалуу кагаздар боюнча төлөмдөрдү төлөп берүүгө кепилдик берет. Жыл сайын Кыргызстандын бюджетинде ички карызды, башкача айтканда, мамлекеттик баалуу кагаздардын төлөмүн төлөп берүүгө каражат бөлүнөт.
Мамлекеттик баалуу кагаздардын кеңири тараган түрлөрү— Мамлекеттик казыналык векселдер (МКВ), Мамлекеттик казыналык облигациялар (МКО) жана Кыргызстандын Улуттук банкынын ноталары.
КР УБ ноталары — бул мамлекеттик кыска мөөнөттүү баалуу кагаздар. Улуттук банк тарабынан 10 миң сомдук нарк менен чыгарылат. Ноталар 7, 14, 28, 91, 182 жана 364 күнгө жайгаштырылат. Максималдуу кирешелүүлүгү 4-5 пайызга жетет.
МКВ — өкмөттүн кыска мөөнөттүү мамлекеттик баалуу кагаздары 100 сом менен чыгарылат. МКВ 3, 6 жана 12 айга созулат. Алардын жылдык орточо кирешелүүлүгү 6,5 пайызга жетет.
Мамлекеттик баалуу кагаздарды каалаган юридикалык же жеке тараптар сатып ала алышат. Бул үчүн коммерциялык банкта эсеп ачып, банк аркылуу аукционго катышууга тапшырык берүү керек. Жеке жак жана юридикалык тарап мамлекеттик баалуу кагаздарды түз сатып ала албайт.
Ошондой эле мамлекеттик казыналык облигацияларды Кыргызстандын фондулук рыногундагы брокердик компаниялар аркылуу да сатып алууга болот.
Депозит — бул ишкана же жеке жактардан каражаттын банкка кабыл алынышы. Каражатыңызды пайдаланганы үчүн банк сизге пайыз төлөйт. Улуттук банк банкка салынган акча Кыргызстанда эркин капиталды салуунун эң жөнөкөй жана кеңири таралган түрү экенин белгилейт.
"Аманат ачууга дейре өз киреше жана чыгымдарыңызды пландап алууңуз кажет, себеби банк депозитинен акчаны мөөнөтүнөн мурун алууда чегерилген пайыздарды көп учурда жоготуп алышыңыз ыктымал. Кирешенин көлөмү аманаттын мөөнөтү жана суммасына жараша. Мөөнөтү канчалык узагыраак жана суммасы канчалык көбүрөөк болсо, депозит боюнча пайыздык чен да ошончолук жогору болот", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле баштапкы инвестициялык капиталды топтоо, кийин башка каржылык инструменттерге салуу үчүн да банкта эсеп ачууга болот.
Кыргызстанда аманаттык салымдар Депозиттерди коргоо агенттиги тарабынан корголот. Кепилденген учур келгенде аманатчыга 200 миң сомго чейин төлөнүп берилет.
Мүлктүн бул түрүнө акча салуу эки ыкма менен капиталды эселентүүгө жол ачат. Биринчиси — нарк айырмасынан пайда көрүү, башкача айтканда, арзан сатып алып, кайра кымбатыраак сатуу. Экинчиси — ижарага берүүдөн маал-маалы менен пайда көрүү.
"Кыймылсыз мүлккө акча салуу — капитал салуунун эң майнаптуу түрү деген пикир бар. Чындыгында андай деле эмес. Бул ыкманын өзгөчөлүктөрү бар, алардын бирине токтолсок, сиз инвестициялоонун бул багыты менен алектенүү үчүн баштапкы капиталыңыз кыйла көбүрөөк болушу шарт", — деп эскертет Кыргызстандын негизги банкы.
Дагы бир терс жагы — кыймылсыз мүлктү дайым эле заматта сатып жибере албайсың. Мүлктүн бул түрүнө инвестициялоо — капитал салуунун маанилүү түрү, бирок тыкыр мамилени, рынокту жана мыйзамдардын кылдаттыгын ийне-жибине чейин изилдөөнү талап кыларын эскертет КР УБ.
Алтын куймалары — бул Кыргызстанда инвестициялоонун жаңы өндүрүмү. Улуттук банк 2015-жылдын 7-майынан тарта алтын куймаларын кайра сатып алуу укугу менен сатыкка чыгарган. Бул анын чоң артыкчылыгы жана салымдын ынанымдуулугунун кепилдиги. Бирок алтын куймалары абдан аяр мамилени талап кыларын эстен чыгарбаңыз. Металлдын үлгүсү (пробасы) абдан жогору — 999,9, ошол себептен ал абдан жумшак келет. Куйма кол, кездеме же салфетка тийсе, бузулуп калышы ыктымал.
Эгер анын үстүндө чийик же манжа издери калып калса, баалуулугун дароо жоготот. Кийин аны сындырылган бөлүктөрдүн баасында, башкача айтканда, баалуу металлдын өз наркынан бир далай арзан сатууга гана болот. Ошондуктан Улуттук банк куйманы кутуча же корголгон таңгакта кармайт.
Алтын куймаларына анча ынанбай турсаңыз менчиктештирилбеген (жеке жактары көрсөтүлбөгөн) металл эсептерди да байкап көрсөңүз болот. Салымдын суммасы куйма өлчөмүнө тете болушун жана аяр мамилени талап кылынган куймаларга инвестициялоодон айырмаланып, бул ыкмада өзгөчө кам көрүү жана салымдын суммасына чектөө жок. Мындайда алтын колго берилбейт, ал виртуалдык, ошондой эле эсепте сакталат.Эсептен акча алууда виртуалдык алтындарыңыздын санын баалуу металлдын ошол күнкү баасы менен эсептеп беришет. Башкача айтканда, капитал алтындын наркы өскөндө акчаны көбөйтүп алууга болот.
Иш жүзүндө бул баалуу металлдын баасы жай, бирок сезилерлик көтөрүлүп турат.
"Акчаны алтынга салууда инвесторлор бул узак мөөнөттүү инвестиция инструменти экенин эске алышы абзел. Ошондуктан кыска убак үчүн мындай операция жүргүзүүнүн кажети жок", — деп эскертет Улуттук банк.
Буга чейин Sputnik агенттиги кыймылсыз мүлккө акча салуунун артыкчылыгы менен кемчилиги тууралуу материал даярдаган.