Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Турсунбаев: Таттыбүбү балалайка чертип, волейбол, баскетболду мыкты ойночу

© Sputnik / Асель АкматалиеваЗаслуженный артист КР Нуркан Турсунбаев
Заслуженный артист КР Нуркан Турсунбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаеванын бир тууган агасы, КР эмгек сиңирген артисти Нуркан Турсунбаев карындашынын көп кырдуу талант болгондугун айтты.
Турсунбаев: Таттыбүбү балалайка чертип, волейбол, баскетболду мыкты ойночу

Таттыбүбү Турсунбаева окуучу кезинде жеңил атлетика, гимнастика, волейбол жана баскетбол менен машыгып, музыкалык аспаптардан балалайкада кол ойнотчу. Бул тууралуу Нуркан Турсунбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Туяк" программасына маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, карындашы мектепте окуп жүргөн кезинде эле ар кандай кароо-сынак, спартакиадаларга катышып, ал жактан ийгилик жаратуу менен эле эл оозуна алынып калган.

"Таттыбүбү кичине чагында эле шайдоот кыз болчу. Ырдаганды, бийлегенди аябай жакшы көрөр эле. Биздин үй-бүлө музыкага жакын болгондуктан, үйдө ар кандай аспаптар бар болчу. Ошолордун ичинен Татыкем балалайканы тандап алып, катыра чертип жүрдү. Окуучу кезинде спорттун бир нече түрү менен машыкчу. Ал тургай облустук, райондук спартакиадаларга чейин барып, узундукка, бийиктикке секирип, 100 метрге чуркап көптөгөн жеңиштерди багынткан. Андан сырткары, волейбол, баскетболду да мыкты ойночу. Таттыбүбү өзүнүн таланты менен ошол учурда эле эл оозуна алынып калган", — деди Турсунбаев.

Ошондой эле ал Таттыбүбү Турсунбаеванын кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө кошкон салымы бүгүнкү күнгө чейин татыктуу түрдө бааланбай жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0