Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Иргашев: Агрардык университетте жаңы лабораториялар ишке кирди

© Sputnik / Табылды КадырбековПроректор КНАУ имени Скрябина Алмазбек Иргашев
Проректор КНАУ имени Скрябина Алмазбек Иргашев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Константин Иванович Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин биринчи проректору, профессор Алмазбек Иргашев Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен аталган окуу жай 8-июлдан тарта абитуриенттерди гранттык жана контракттык негизде кабыл ала баштай турганын айтты.
Иргашев: Агрардык университетте жаңы лабораториялар ишке кирди

Айыл жергесинен келген студенттер жаңы салынган, бардык шарты бар заманбап үлгүдөгү жатакана менен камсыз болушат. Мындай пикирин Алмазбек Эркашев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган университет айыл чарба жаатында адистерди даярдоо боюнча өлкөдөгү бирден-бир мыкты окуу жайлардын бири.

"Быйыл абитуриенттерди кабыл алуу 8-июлда башталып, үч этапта жүргүзүлөт. Бул учурда биз гранттык жана контракттык негизде кабыл алабыз. Акыркы этап 27-июлда аяктайт. Биздин университеттин негизги максаты — өлкөбүздөгү тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу боюнча адистерди даярдоо. Азыркы күндө атайын университеттин өнүгүү стратегиясы иштелип чыккан, ошол боюнча иш алып барып жатабыз. Студенттерге бардык шарттар түзүлгөн. Айта кетсем, заманбап үлгүдөгү жатаканалар салынып, окуу бөлүмдөрүн оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Университеттеги ар бир багыт боюнча жаңы лабораториялар ишке кирди", — деди проректор.

Ошондой эле ал аталган окуу жайдын студенттеринин атайын окуу программалары менен чет өлкөдө окуп келүү мүмкүнчүлүгү бар экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0