Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бакеев: "Мыкты боз үй" сынагына ар бир каалоочу катыша алат

© Sputnik / Асель АкматалиеваМаданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлү Ринат Бакеев
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлү Ринат Бакеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
26-июндан 30-июнга чейин Дүйнө элдеринин эпосторунун V эл аралык фестивалынын алкагында "Мыкты боз үй" сынагы өтөт.
Бакеев: "Мыкты боз үй" сынагына ар бир каалоочу катыша алат

"Мыкты боз үй" сынагына ар бир каалоочу катыша алат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлү Ринат Бакеев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, сынакка катышкысы келгендер 20-июнга чейин анкета толтурушу керек.

"Аталган сынакка былтыр жалпы 20 боз үй катышкан. Бул жылы  25тей боз үй ат салышса керек деп болжолдоп жатабыз. Ар бир каалоочу үчүн "Мыкты боз үй" сынагынын эшиги ачык. Болгону алар келип анкета толтурушу талап кылынат. Катышуучунун конкурска катышып жаткан боз үйү нукура кийизден жасалып, ички жабдыктары көркөмдүү болушу шарт", — деди Бакеев.

Ал жеңүүчүлөрдү атайын комиссия аныктай турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0