Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жапаралиев: Кыргызстанда биотехнологияны өнүктүрүү мезгили келди

© Sputnik / Табылды КадырбековБиология илимдеринин доктору, ишкер Нурлан Жапаралиев
Биология илимдеринин доктору, ишкер Нурлан Жапаралиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биология илимдеринин доктору, ишкер Нурлан Жапаралиев каражатын кайда жумшоону билбей жаткан ишкерлер биотехнологиянын өнүгүшүнө салым кошушу керектигин айтты.
Жапаралиев: Кыргызстанда биотехнологияны өнүктүрүү мезгили келди

Кытайлар Кыргызстандан алтын тамыр чөбүн алып кетип, кайра бизге дары түрүндө бир топ эсе кымбат баада сатууда. Бул тууралуу Нурлан Жапаралиев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда биотехнологияны өнүктүрүү мезгили келди.

"Учурда акчасы бар, бирок кайсы багытта бизнес жасоону билбей жаткан ишкерлер арбын. Алардын көбү үй же эс алуучу жайларды сатып алуу менен чектелүүдө. Мындай ишкерлер бизнес менен илимге көпүрө болуп, өлкөбүздөгү биотехнология тармагын жакшыртууга салым кошсо баарыбыз үчүн пайдалуу болмок. Кытайлар бизден алтын тамыр сыяктуу дары чөптөрдү алып кетип, аларды дарыга айландырып, кайра эле бизге бир топ эсе кымбат баада сатып жатышат. Ушул нерсени өзүбүз ишке ашырчу маал келди", — деди биология илимдеринин доктору.

Ал аталган тармакта иш алып барган даяр кадрлар бар экенин жана алар жумушсуз отурганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0