Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Токбаева: сот системасында реформа жүрбөй жатат дегендер жаңылат

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку соттун төрайымынын орун басары Айнаш Токбаева
Жогорку соттун төрайымынын орун басары Айнаш Токбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку соттун төрайымынын орун басары Айнаш Токбаева учурда сот системасында бир топ өзгөрүүлөр болуп жаткандыгын айтты.
Токбаева: сот системасында реформа жүрбөй жатат дегендер жаңылат

Азыркы кезде сот системасында реформа жүрбөй жатат дегендер жаңылышат. Мындай пикирин Айнаш Токбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, сот системасын санариптештирүү максатында Бишкек шаардык райондор аралык сотуна, Свердлов райондук сотуна жана Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотуна автоматташтырылган маалыматтык системасы киргизилди.

"2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү" мамлекеттик максаттуу программасында сот системасын реформалоо талабы да коюлган. Учурда аталган программа аяктап, экинчисин кабыл алганы турабыз. Бул багытта ишке ашкан жана учурда колдонулуп жаткан өзгөрүүлөрдүн бири - бул сот өндүрүшүнүн толугу менен электрондук системага өтүп жаткандыгы. Аталган аракеттер 2019-жыл - Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында ишке ашып жатат. Мындан улам сот тутуму тездик менен өзгөрүп жаткан заман агымына шайкеш иш алып барууда деп айтууга толук айтса болот. IT-технологияларды колдонуу менен сот процессинде колдонулган бардык иш кагаздар электрондук форматка өтүүдө. Бул жаңылануунун өзгөчөлүгү — соттук иштин жүрүшүнөн онлайн түрдө кабар алуу жана маалыматтын ыңгайлуу сакталышында. Бүгүнкү күндө автоматташтырылган маалымат системасы биринчи инстанциядагы бардык сотторго киргизилди. Мындан улам соттук реформа жүрбөй жатат деген дооматтар куру сөз ", — деди Токбаева. 

Ошондой эле ал адамдык факторду жоюу үчүн Жогорку сотто автоматташтырылган бөлүштүрүү системасы да иштеп жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0