Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сатаев: Рыспай Абдыкадыров мени неберем, атамды балам деп жакын көрчү

© Sputnik / Табылды КадырбековБелгилүү ырчы жана обончу Чубак Сатаевдин уулу Кубаныч Сатаев. Архив
Белгилүү ырчы жана обончу Чубак Сатаевдин уулу Кубаныч Сатаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилүү ырчы жана обончу Чубак Сатаевдин уулу Кубаныч Сатаев кичинесинде атасы менен гастролдоп жүрүп, көптөгөн атактуу инсандар менен таанышкандыгын айтты.
Сатаев: Рыспай Абдыкадыров мени неберем, атамды балам деп жакын көрчү

Ош шаарына концерт коюп барганыбызда атам мени Рыспай Абдыкадыров менен тааныштырган. Ал киши мени неберем деп эркелетип, атамды балам деп өзүнө жакын көрчү. Бул тууралуу Кубаныч Сатаев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Туяк" программасына маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Рыспай Абдыкадыров атасына аккордеон белек кылган.

"1990-жылы Ош шаарына концерт коюп барып калдык. Ал жактан атам мени Рыспай Абдыкадыров менен тааныштырды. Ал кишинин үйүндө мен эки күн конок болдум. Ошондо Рыспай ата мени неберем деп эркелетип, атамды болсо балам деп, өзүнө жакын көрүп жүрдү. Кийин гастроль аяктап, кетерибизде Рыспай Абдыкадыров атама аккордеон белек кылган. Ал аспапты мен таберик катарында эстелик кылып, бүгүнкү күнгө чейин сактап жүрөм", — деди Сатаев.

Ошондой эле ал Чубак Сатаевдин ырларын жайылтып, эл ичиндеги таланттарды таанытуу максатында атайын кароо-сынактарды өткөрүү демилгеси үстүбүздөгү жылдын күз мезгилине пландаштырылганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0