Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жолоев: Бишкек шаары боюнча эки миңге жакын урна бар

© Sputnik / Табылды КадырбековРуководитель отдела экономического планирования МП "Тазалык" Ильяс Жолоев
Руководитель отдела экономического планирования МП Тазалык Ильяс Жолоев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Тазалык" муниципалдык ишканасынын экономикалык пландоо бөлүмүнүн башчысы Ильяс Жолоев шаар ичинде эки миңге жакын таштанды таштоочу урна бар экенин айтты.
Жолоев: Бишкек шаары боюнча эки миңге жакын урна бар

Бул жылы Бишкек шаары боюнча дагы 600 урна орнотулат. Ильяс Жолоев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мурунку жылдарга салыштырмалуу эл тазалыкты сактап калды.

"Бүгүнкү күндө Бишкек шаары боюнча эки миңге жакын таштанды челек бар. Быйыл план боюнча шаар ичине дагы 600 урна орнотулат. Аларды атайын комиссия менен элдин агымына карап, кыймыл көп болгон, соода-сатык иштер жүргөн аймактарга жана таштанды челектери жетишпеген башка жерлерге орнотобуз", — деди Жолоев.

Ошондой эле ал шаар ичине жаңы отургучтар орнотуларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0