Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Адис йога кайсы оорулардан арылта аларын айтып берди

© Sputnik / Табылды КадырбековЙога боюнча машыктыруучу Айгул Ниязова. Архив
Йога боюнча машыктыруучу Айгул Ниязова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Йога боюнча машыктыруучу Айгул Ниязова аталган спорттун түрү менен машыгуу үчүн жаш өзгөчөлүккө чектөө жок экенин айтты.
Адис йога кайсы оорулардан арылта аларын айтып берди

Йога менен машыгып, бир топ оорулардын алдын алса болот. Мындай пикирин Айгүл Ниязова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, йога дүйнөнү таанып-билүүнү үйрөтөт.

"Йога — бул илим. Ал дүйнөнү таанып-билүүнү үйрөтөт. Йога менен машыгуу үчүн жаш куракка чектөө коюлбайт. Кичинекей балдардан баштап, ден соолугу жакшы болсо 80-90 жашка чейинки ата-апалар машыкса болот. Йоганын көнүгүүлөрүн аткаруу менен бир топ оорулардын алдын алып, ашыкча салмактан арылганга шарт түзүлөт. Мисалы, атайын көнүгүүлөрдүн жардамы менен муун ооруларын, омуртка, нерв системасын, кан тамыр ооруларынан арылууга жардам берет. Андан сырткары, кош бойлуу айымдар дагы машыкса, төрөтү жеңил өтөт. Йога менен чуркоону айкалыштырып, жакшы жыйынтык алууга болот. Бүгүнкү күндө бул спорт түрүнүн келечеги кең. Анткени жылдан-жылга кызыккандардын саны көбөйүп жатат", — деди машыктыруучу.

Ошондой эле ал йога машыктыруучусу болуу үчүн атайын медициналык билимдин кажети жок экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0