Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Турсунбаев: уз-чеберлердин эмгеги экспорттолбосо кол өнөрчүлүк өнүкпөйт

© Фото / предоставлено Бейшенбеком ТурсунбаевымПредставитель ТПП в Нарынской области Бейшенбек Турсунбаев
Представитель ТПП в Нарынской области Бейшенбек Турсунбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соода-өнөр жай палатасынын Нарын облусундагы өкүлү Бейшенбек Турсунбаев өлкөдө кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү үчүн тийиштүү мыйзам долбоорун кабыл алуу зарыл экендигин айтты.
Турсунбаев: уз-чеберлердин эмгеги экспорттолбосо кол өнөрчүлүк өнүкпөйт

Уз-чеберлердин өндүрүмү экспортко чыкпаса, кол өнөрчүлүк өнүкпөйт. Бул тууралуу Бейшенбек Турсунбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кол өнөрчүлүк бир эле учурда социалдык, экономикалык жана туризм тармагына тийиштүү болуп эсептелет.

"Кандайдыр бир тармакты өнүктүрүү үчүн анын сунуштаган өнүдүрүмүн же кызматын сатыш керек. Канчалык көп сатылса, ошончолук киреше болот. Бул багытта кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү үчүн атамекендик уз-чеберлердин өндүрүмүн чоң көлөмдө экспортко чыгаруу зарыл болуп жатат. Бирок экспорттун көлөмүн арттыруу үчүн атайын мыйзам долбоору керек экен. Тилекке каршы, учурда андай мыйзам жок. Кол өнөрчүлүк бир эле учурда социалдык, экономикалык жана туризм тармагына тийиштүү болуп жатат. Маселени чечүүдө бул үч тармак тең олуттуу жардамын бере албайт. Мындан улам кол өнөрчүлүккө тийиштүү мыйзам долбоору иштелип чыккан. Ал бүгүнкү күнгө чейин колдоо таба албай келет. Эгер бул маселеге көңүл бурулуп, тийиштүү мыйзам кабыл алынса, кол өнөрчүлүк өнүгүп, жакын арада жергиликтүү өндүрүмдү экспортко чыгара алабыз деген үмүт бар", — деди Турсунбаев.

Ошондой эле ал чет өлкөдөн келген туристтердин табитин таап, аларга жаккан буюм-тайымдарды жасоодо да маселе бар экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0