Константин Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин биринчи проректору, профессор Алмазбек Иргашев. Архив

Иргашев: айыл чарба адистиги биздин өлкөгө эң керектүү кесип

148
Константин Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин биринчи проректору, профессор Алмазбек Иргашев бүгүнкү күндө жайыттарды иштетүүчү адистер жетишсиз экенин айтты.

Кыргызстанда тогуз миллиондон ашык жайыт бар. Бул тууралуу Алмазбек Иргашев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жайыттарды иштетүүчү адистер жетишпегендиктен, аталган окуу жай аларды даярдап чыгаруу боюнча маселени колуна алган.

"Союз мезгилинде жайыттар үчүн эч кандай адистер даярдалган эмес экен. Бизде жалпысынан тогуз миллиондон ашык жайыт бар. Аларга атайын жайыт комитеттери түзүлгөн. Ошол комитеттерге адистерди даярдоо, жайыттарды башкаруу боюнча атайын долбоордун алкагында иш алып барып жатабыз. Андан тышкары, айыл чарбага керектүү маалыматтык системаларды жана логистика багыттарын ачтык", — деди проректор.

Ошондой эле ал аталган окуу жайда балыкчылык жана аквакультура факультети бар экенин кошумчалады.

148
Белгилер:
комитет, адистик, жайыт, Алмазбек Иргашев
Тема боюнча
Кыргызстан бал жана мөмө-жемиш экспорттой алчу өлкөлөр. Тизме