Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Алышбаева: Бишкекте ири фестиваль башталды

© Sputnik / Асель АкматалиеваМаданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маданият, искусство жана кесиптик билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дамира Алышбаева
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маданият, искусство жана кесиптик билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дамира Алышбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Маданият, искусство жана кесиптик билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дамира Алышбаева иш-чарага катышуу үчүн КМШ өлкөлөрүнөн 45тен ашуун окумуштуу жана илимпоздор келгенин айтты.
Алышбаева: Бишкекте ири фестиваль башталды

Бишкекте Дүйнө элдеринин эпосторунун V фестивалы башталды. Бул тууралуу Дамира Алышбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, фестиваль үчүн 14 боз үй тигилген.

"Бүгүн саат 10:00дөн тарта Бишкекте Дүйнө элдеринин эпосторунун V фестивалы башталды. Элет жеринен иш-чара үчүн 14 боз үй алып келинип тигилди. Ийгиликтүү өткөрүп алышыбызды тиленип жатабыз. Фестиваль илимий-практикалык жана маданий бөлүктөн турат. Анын алкагында этникалык мурасты сактоо жана жайылтуу маселелерине арналган симпозиум өтөт. Ал эми маданий программада көчмөндөр кийимдеринин көргөзмөсү, уз-чеберлердин колунан чыккан эмгектердин жарманкеси уюштурулду. Ошондой эле иш-чарага катышуу үчүн КМШ өлкөлөрүнөн 45тен ашуун окумуштуу менен илимпоз келди", — деди Алышбаева.

Ал фестивалдын жүрүшүндө "Мыкты боз үй", "Көчмөн стили", "Мыкты манасчы" жана "Мыкты дастанчы" сынактары Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0