Врач-косметолог, дерматолог Наргиза Абдухашимова

Дерматолог: беттин териси ички органдардын туура эмес иштешинен бузулат

725
Врач-косметолог, дерматолог Наргиза Абдухашимова ички органдарды кандайдыр бир дарт чалса, ал сөзсүз түрдө беттин терисине таасир этерин айтты.

Бетке жайында эле эмес, жыл бою кам көрүү зарыл. Мындай пикирин Наргиза Абдухашимова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, беттеги көйгөйлөрдүн алдын алуу үчүн анын себебин издеш керек.

"Беттин териси ички органдардан көз каранды. Андыктан туура тамактануу абдан маанилүү. Азыр жай мезгили болгондуктан жеңил тамактарды жеп, көбүнчө жашылча-жемиштерге басым жасаш керек. Жайында организм сууну көп талап кылат. Ошондуктан күнүнө 1,5-2 литр суу ичүү абзел. Күндүн нуру активдүү болгондуктан, күндөн коргоочү каражаттарды колдонуп, аларды эки саат сайын жаңылап туруш керек. Үй шартында бетке кам көрүүдө абдан кылдаттык мамиле жасоо зарыл. Өзүм билемдик менен ар кандай каражаттарды колдоно берген беттин терисин бузат", — деди Абдухашимова.

Ошондой эле ал ооруну дарылаганга караганда алдын алуу маанилүү экенин кошумчалады.

725
Белгилер:
жай, күн, косметолог
Тема боюнча
Аялдардын тырмагына колдонулган гель-лактын кандай зыян келтирери айтылды