Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Надыров: эл аралык марафондордун арты менен туризм да өнүгүп жатат

© Sputnik / Асель АкматалиеваЭл аралык марафон боюнча дирекциянын башчысы Мелис Надыров
Эл аралык марафон боюнча дирекциянын башчысы Мелис Надыров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык марафон боюнча дирекциянын башчысы Мелис Надыров алар өткөргөн жарыштарга дүйнөнүн ар тарабынан келген жөө күлүктөр көп катышарын айтты.
Надыров: эл аралык марафондордун арты менен туризм да өнүгүп жатат

Эл аралык марафондордун арты менен өлкөдөгү туризм жааты да өнүгүп жатат. Мындай пикирин Мелис Надыров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкө аймагында марафондорду көбүрөөк уюштуруп, бул иш-чараларды дүйнөлүк спорт жылнаамасына киргизип, Кыргызстандын марафон боюнча дирекциясын Эл эралык жөө күлүктөр ассоциациясына мүчө кылуу башкы максаттардын бири.

"Кыргызстан массалык спорттук иш-чараларды өткөрүүгө абдан ыңгайлуу өлкө. Андан сырткары, табиятыбыз кооз. Ошол эле тоолорду ала турган болсок, биздикиндей көк тиреген аска-зоолор саналуу гана жерде бар. Чет өлкөлүк туристтерди жаратылышыбыздын дал ушундай өзгөчөлүгү кызыктырат. Мындан улам бизде спорттук иш-чараларды жайылтуу менен бирге туризм тармагын өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү бар. Дүйнөлүк тажрыйбаны ала турган болсок, эл аралык марафондордун катышуучуларынын 70 пайызы чет өлкөлүктөр жана болгону 30 пайызы жергиликтүү спортчулар болот. Мындан улам биз өткөрүп жаткан жарыштар өлкөдөгү туризмдин өнүгүшүнө салым кошуп жатат деп толук айта алабыз. Эгерде Кыргызстандын эл аралык марафон боюнча дирекциясы Эл аралык жөө күлүктөр ассоциациясына мүчө болуп кире турган болсо, биздин жарыштарга чет өлкөдөн келген катышуучулардын саны өсөт жана аны менен бирге туристтер да көбөйөт", — деди Надыров.

Ошондой эле ал Чүй облусунда өтө турганын Kara-Bulak Trail Fest аталышындагы тоо марафонуна катталуу мөөнөтү 5-июль күнү аяктарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0