Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Асанова: "Карек" жайкы кинолагери 10-июлда башталат

© Sputnik / Асель АкматалиеваРуководитель летнего кинолагеря "Карек" Каныша Асанова
Руководитель летнего кинолагеря Карек Каныша Асанова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Карек" жайкы кинолагеринин уюштуруучусу Каныша Асанова аталган лагерге катышуу үчүн үч темада дилбаян жазуу зарылдыгын айтты.
Асанова: "Карек" жайкы кинолагери 10-июлда башталат

Быйыл "Карек" жайкы кинолагери 10-июлда башталат. Бул тууралуу Каныша Асанова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул кинолагерге 11-17 жаштагы өспүрүмдөр катыша алат.

"Учурда уюштуруу иштери жылдагыдай эле кызуу жүрүүдө. Катышкысы келгендердин баарына маалымат берип, этнобаалуулуктар боюнча лагерь экенин түшүндүрүп жатабыз. "Карек" жайкы кинолагеринин эшиги 11-17 жаштагы балдар үчүн ачык. Катышууну каалагандар "Менин үй-бүлөм", "Мен жана табият", "Бул менин дүйнөм" деген темаларда дилбаян жазып, бизге жибериши керек. Лагерь Ысык-Көлдүн Алмалуу айылында өтөт", — деди Асанова.

Ал аймактардан да өспүрүмдөр аталган лагерге жазылып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0