Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сатыбеков: кыргыз койлоруна казак фермерлеринин кызыгуусу күч

© Sputnik / Асель АкматалиеваКРдин кой өндүрүүчүлөр коомдук бирикмесинин башчысы Мирлан Сатыбеков
КРдин кой өндүрүүчүлөр коомдук бирикмесинин башчысы Мирлан Сатыбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРдин кой өндүрүүчүлөр коомдук бирикмесинин башчысы Мирлан Сатыбеков Кыргызстанга таандык койлорду эл аралык деңгээлде таанытуу зарылдыгы бар экендигин айтты.
Сатыбеков: кыргыз койлоруна казак фермерлеринин кызыгуусу күч

Казак фермерлери кыргыз койлоруна кызыгып, кыргызстандык кой өндүрүүчүлөрү менен биргеликте эт багытындагы койлордун жаңы түрүн чыгарууга кызыкдар болуп жатышат. Бул тууралуу Мирлан Сатыбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасына маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, көп жылдан бери Кыргызстанда өндүрүлүп келе жаткан гиссар койлору дүйнөдөгү эң чоң койлордун сап башында турат.

"Союз учурунда гиссар койлору Тажикстандан алып келинген. Аларды жергиликтүү фермерлер кыргыз койлору менен аргындаштырып отуруп, бүгүнкү күндөгү эт багытындагы жаңы койдун түрү пайда болду. Учурда аларды көбөйтүү зарылчылыгы турат. Анткени бул койдун түрүнө кызыккандар көп болууда. Жакында Казакстанда өткөн асыл тукум койлордун сынагына барып келдик. Аталган иш-чарада Кыргызстандан барган кочкор баш байгеге ээ болду. Бул чоң жетишкендик. Сынактын жүрүшүндө казак кой өндүрүүчүлөрү кочкорго кызыгышып, эт багытындагы кыргыз-казак койлорунун жаңы түрүн чыгарууга сунуш киргизишти. Биз ойлонуп жатабыз. Анткени бул койлорду өзүбүз деле аргындаштырып чыгарсак болот. Эгерде бул демилгени ишке ашырып алсак, анда жаңы койлордун түрү Кыргызстанга гана тийиштүү болот жана өлкө атын алыска таанытууга мүмкүнчүлүк берет", — деди Сатыбеков.

Ошондой эле ал былтыркы жылы өлкө аймагында эң чоң койдун салмагы 173 килограмм болсо, быйылкы жылы бул көрсөткүч 15 килограммга өскөнүн айтып, Кыргызстанда асыл тукум койлорду өндүрүү аракеттери жигердүү аткарылып жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0