Cаясий илимдеринин кандидаты, журналист Бакыт Орунбеков

Орунбеков: бизге Жусуп Абдрахмановдой улуттук лидер керек

65
(жаңыланган 14:05 02.07.2019)
Cаясий илимдеринин кандидаты, журналист Бакыт Орунбеков учурда коомчулук журт керегине жараган улуттук лидерге муктаж болуп тургандыгын айтты.
Орунбеков: бизге Жусуп Абдрахмановдой улуттук лидер керек

Улуттук лидердин нагыз үлгүсү бул — Жусуп Абдрахманов. Мындай пикирин Бакыт Орунбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөп кеткен Жусуп Абдрахмановдун жасаган иши жана эрдиги Кыргызстандын, Россиянын жана Казакстандын архивдеринде документ түрүндө сакталуу.

"Кыргыз калкына 28 жылдан бери улуттук лидер жетишпей келет. Эгемендүү Кыргызстандын биринчи өлкө башчысы да, экинчиси да жыдып, калк кадырына жете алган жок. Чын-чынына келгенде бүгүнкү күндөгү бийлик төбөлдөрү да коомчулуктун ар кандай сын пикирине кабылып жатат. Элдин парламентке болгон көз карашы да өзгөрдү. Депутаттарга карата да ар түрдүү ойлор айтылып жатат. Айрым эл өкүлдөрү саясий элитабыз деп да жар салышты. Бул талаштуу маселе. Мындан сырткары, лидер десе эле башка элдердин журт жакшыларына теңеле баштаган жайыбыз бар. Кыргыз тарыхында улуттук лидердин нагыз үлгүсүнө айланган инсандар көп болгон. Алардын бири Жусуп Абдрахманов. Бул киши азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөп, кыргыз элинин бүтүндүгүн сактап калган баатыр. Ал тургай коңшулардан да жардамын аяган эмес. Мындан улам улуттук лидер кандай болуш керек дегенде, Жусуп Абдрахмановду алдынкы катарга койгум келет. Анткени анын эмгек жолунан эл тагдырын өзгөрткөн чыныгы эрдикти үлгү кылып алууга болот ", — деди Орунбеков.

Ошондой эле ал Жусуп Абдрахманов тууралуу даректүү тасма тартылып, 26-июндан тарта эл назарына тартууланып жаткандыгын кошумчалады.

65
Белгилер:
үлгү, Жусуп Абдрахманов, Бакыт Орунбеков
Тема боюнча
Легендарлуу кыргыз саясатчысы тууралуу тасма тартууланат
Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Кылычбек Досумбетов

Досумбетов: Бишкек Кара-Балта жолун оңдоо 2021-жылы аяктайт

57
Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Кылычбек Досумбетов Бишкек — Кара-Балта жана Түндүк — Түштүк альтернативалуу трассасында курулуш иштери кызуу жүрүп жатканын айтты.
Досумбетов: Бишкек — Кара-Балта жолун оңдоо 2021-жылы аяктайт

Бишкек — Кара-Балта унаа жолу план боюнча быйыл ишке берилмек. Бирок учурдагы пандемияга байланыштуу, ошондой эле жол жээгиндеги түркүктөрдү которууда жакын жайгашкан кожолуктардын мүлкүнө залалы тийгендиктен ишке берүү мөөнөтү 2021-жылга жылдырылды . Бул тууралуу Кылычбек Досумбетов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындан сырткары, Ош — Баткен — Исфана унаа жолунун 8-75-чакырымында курулуш иштери жүрүп жатат. Ал эми Бишкек — Ош трассасынын төртүнчү фазасына кирген Жалал-Абад — Маданият жолунун 20 чакырымга чукул жери асфальт жана бетон куюуга даяр турат.

"Өлкөдөгү ири трассалардын катарына кирген Бишкек — Кара-Балта жана Түндүк — Түштүк альтернативалуу унаа жолдорунда курулуш иштери үзгүлтүккө учураган жок. Бүгүнкү күндө ал жерлерде иш жүрүп жатат. Бирок пандемияга байланыштуу курулуш иштеринин графиги өзгөрдү. Андыктан ишти аяктоо мөөнөтү да жылып кетти. Мунун башка да себептери бар. Курулуш учурунда колдонулган оор техникалардан улам жакын жайгашкан турак жайлардын дубалынан жарака кетип, ага компенсация төлөө маселеси жаралды. Ошондой эле ал жерде көчө бойлой жайгашкан түркүктөрдү жылдыруу иштери убакытты алып жатат. Ушуга байланыштуу Бишкек — Кара-Балта унаа жолу 2021-жылы колдонууга берилет. Мындан сырткары, Кытайдан жол куруучу адистер келмек. Чек ара жабылып, алар да кечигип жатышат. Бирок бүгүнкү күндө 139 кытайлык куруучу Кыргызстанга келди. Учурда алар обсервацияда. Коңшу өлкөдөн келген адистер чыгары менен курулуш иштери тездетилет. Алар Түндүк — Түштүк альтернативалуу жолундагы туннель жана эстакаданын курулушун башташат", — деди Досумбетов.

Ал Кытайдан Түндүк — Түштүк альтернативалуу жолун курууга 450дөн ашык, Бишкек — Кара-Балта жолунун курулушуна 42 жана Бишкек — Нарын — Торугарт жолун салууга төрт адис келери пландалганын кошумчалады.

57
Белгилер:
пандемия, курулуш, жол, Кылычбек Досумбетов
Тема боюнча
Кылычбек Досумбетов: Бишкек — Нарын — Торугарт жолу толугу менен декабрда бүтөт
Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык эмдөө борборунун эпидемиолог-дарыгери Азим Кыргызбаев

Кыргызбаев: ата-энеси эмдетпей койгон бала Америкага окууга бара албай калган

52
Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык эмдөө борборунун эпидемиолог-дарыгери Азим Кыргызбаев убагында эмделбей калган балдар чоңойгондо чет мамлекетке бара албай калышы мүмкүндүгүн айтты.
Кыргызбаев: ата-энеси эмдетпей койгон бала Америкага окууга бара албай калган

Учурунда ата-энеси баш тартып койгон балдар кийин чет мамлекетке окууга, эс алууга, иштөөгө бара албай калышы толук ыктымал. Мындай окуя бизде болгон. Бул тууралуу Азим Кыргызбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна билдирди.

Анын айтымында, убагында алынбаган эмдөөнү жылдар өткөн соң калыбына келтирүү мүмкүн эмес.

"Эмдөөдөн ата-энелер тигил же бул жүйөнү келтирип баш тартып коё беришет. Биз аларды мажбурлай албайбыз. Бирок ошол эле учурда балдарынын келечегин ойлошпойт. Анткени тиешелүү вакциналарды албаган балдар баралына жеткенде чет өлкөгө окууга, иштөөгө, ал тургай саякатка да чыга албай калышат. Мындай окуя бизде болгон. Бала мектепте жакшы окуп Америкага окууга гранттык орунга ээ болот. Жөнөй турган учуру келгенде тиешелүү эмдөөлөрдү албаганы билинет. Көрсө, ата-энеси ал кичинекей кезинде баш тартып койгон экен. Бала апасына капа болот. Апасы бизге келип, дарыгерлерди урушуп "кийин балаң чет мамлекетке бара албай калат деп айтпайт белеңер" деп чуу көтөргөн. Андыктан ата-энелер баш тартар алдында өз чүрпөмдүн келечегине балта чаап албаймынбы деп ойлонуп коюшса жакшы болот эле", — деди Кыргызбаев.

Дарыгер өзгөчө билим алууга же иш менен чыгарда, айрым өлкөлөр саякатчылардан да белгилүү бир оорулардан эмделгендиги тууралуу маалым кат сурарын кошумчалады.

52
Белгилер:
чет мамлекет, Азим Кыргызбаев, ата-эне, эмдөө
Тема боюнча
Абдраманов: унаабыз жок, бейтаптарды такси менен ташыйбыз
Кычкылтек маскасын бейтапка кийгизген врач. Архивдик сүрөт

Кычкылтек концентратору деген эмне, кандай максатта пайдаланылат? Түшүндүрмө

0
(жаңыланган 14:07 07.07.2020)
Кычкылтек концентратору деген эмне жана кандай учурларда пайдаланылат? Эмнеге аны өзү билип пайдаланууга болбой турганын Sputnik Кыргызстандын окурмандарына адис айтып берди.

Акыркы аптада өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал курчуп кетти. Борбор калаадагы ооруканаларга өпкөсү сезгенип кайрылган бейтаптардын аягы үзүлбөй жатат. Социалдык медиа бетин кычкылтек концентраторун сатуу жана сатып алуу боюнча жарыялар каптады. Кыргызстанда мындай аппараттар тартыш, ошондуктан бийлик жана кайрымдуу жарандар сырттан сатып алууда. Бир катар мамлекеттер республикага гуманитардык көмөк иретинде концентраторлорду тапшырууда.

Sputnik Кыргызстан бул аппараттардын кандай иштеп, эмне үчүн колдонуларын билип көрдү. Суроолорду топтоп, Улуттук кардиология жана терапия борборунун врач-пульмонологу Маамед Мадемиловго узаттык.

Орун бар! Пневмонияга кабылгандарды кайсы оорукана кабыл алары айтылды

Кычкылтек концентратору деген эмне?

Бул кычкылтекти топтоп, бейтапка 90-95 пайыздык катышта бере турган аппарат. Так элестетүү үчүн терең карайлы, бизди курчаган абада кычкылтектин концентрациясы 20 пайыздын тегерегинде, концентратордон адам каныккан кычкылтекти алат.

Бейтаптарга кычкылтек терапиясы керектелген бир катар дарттар бар. Алар — демди кысып, адамды энтиктирген оорулар, маселен, өпкөнүн өнөкөт обструктивдүү оорусу, астма, жүрөк-кан тамыр илдети жана башка дарттар. 

В пульмонологическом отделении Новой больницы Екатеринбурга. На первом плане - кислородный концентратор.
© Sputnik / Павел Лисицын
Бейтаптарга кычкылтек терапиясы керектелген бир катар дарттар бар. Алар — демди кысып, адамды энтиктирген оорулар, маселен, өпкөнүн өнөкөт обструктивдүү оорусу, астма, жүрөк-кан тамыр илдети жана башка дарттар.

Аппарат кантип иштейт?

Кычкылтек концентраторунун түзүлүшү анчалык деле оор эмес. Кычкылтек дистилляцияланган (буулуу суу) же физиологиялык эритмеси аркылуу өтүп, андан кийин гана мурунга кычкылтек түтүкчөсү аркылуу кирет. Медициналык концентратор бейтап белгилүү бир убакыт аралыгында ала турган кычкылтекти өлчөй турган атайын регуляторго ээ.

Негизинен аппараттар мүнөтүнө 1-5 литр кычкылтекке эсептелген.

Кечээтен бери пневмониядан 29 кишинин көз жумганы айтылды

Кычкылтек концентратору кайсы учурларда пайдаланылат?

Адегенде врач бейтапты көрөт: сатурациясын (кандын кычкылтек менен каныгышын) өлчөйт, өпкөнү тыңшайт, бейтаптын абалын бир сыйра карап, былжыр челдерин, терисин, атап айтканда, көгөрүп-көгөрбөгөнүн текшерет. Сатурация пульсоксиметр менен өлчөнөт. Бейтапка кычкылтек бериле турган белгиленген ченемдери бар. Ошону менен бирге эле сатурациянын ар бир деңгээли үчүн бир, эки же беш литрден кычкылтектин өз "чени" болот.

Башка көрсөткүчү дагы бар, бул артериялык кан газы. Аталышы айтып тургандай, кандын газ курамын изилдөө. Бардык критерийлер медиктер тарабынан бир каралат. Бейтаптын организминин жалпы абалын текшерип чыккан соң врач аны кычкылтек концентраторуна туташтыруу зарылдыгы бар-жогу боюнча чечим кабыл алат.

Аппаратты өзү билип, дарыгердин уруксаты жок пайдаланууга болбойт. Анан калса, аны бирөө тегин жерден колдонуп жатканда башка бир бейтапка өтө зарыл болушу мүмкүн. 

Медицинский работник проводит физиотерапевтическое лечение пациента, инфицированного COVID-19, в отделении интенсивной терапии скорой импровизированной больницы Anhembi в Сан-Паулу, Бразилия, 1 июля 2020 года.
© AFP 2020 / MIGUEL SCHINCARIOL
Аппаратты өзү билип, дарыгердин уруксаты жок пайдаланууга болбойт.

Кычкылтек концентраторун себепсиз пайдаланса, ден соолукка зыян келеби?

Кычкылтек өзүнөн өзү дайым эле коопсуз эмес, врачтар аны баарына эле жөн жерден туташтыра бербейт. Айрым ооруларда врачтын көзөмөлү жана уруксаты болбостон берилсе, аягы кейиштүү болушу мүмкүн.

Белгилүү бир учурларда, мисалы, гиперкапниялык (вентиляциялык) дем алуу жетишсиздигине жеткирбөө үчүн кычкылтек аз ченемде бериле баштайт.

Ар бир учур жеке каралат, врачтын чечимине бейтаптын дене түзүлүшү да таасир этиши мүмкүн!

Мисалы, эгер адам салмактуу болсо, анда анын дем алуу булчуң эттери чабал болот. Мындан улам кычкылтек киргенде өпкө көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарууга үлгүрбөй калат. Ал топтолуп отуруп, адам ууланып калышы ыктымал.

Ушундай эле көрүнүш адамдын өнөкөт респиратордук оорулары, мисалы, эмфиземасы (өпкө тканы жабыркап, функциясын аткара албай калганда) болсо да, өпкөгө көмүр кычкыл газы толуп кетип, бейтап эс-учун жоготушу мүмкүн. 

Предметы медицинского назначения, в том числе кислородные маски, лежат на полках на крытой парковке рядом с больницей Мэри-Вашингтон, поскольку она расширяет свои экстренные испытания для пациентов с короной в борьбе с пандемией во Фредериксбурге, штат Вирджиния, 3 апреля 2020 года
© AFP 2020 / OLIVIER DOULIERY
Бейтаптын организминин жалпы абалын текшерип чыккан соң врач аны кычкылтек концентраторуна туташтыруу зарылдыгы бар-жогу боюнча чечим кабыл алат.

Ошто коронавирус жана пневмонияны дарылоо үчүн 600 орун даярдалды

Кол менен жасалган концентратор жагдайы

Ооруканаларда колдонулган кычкылтек концентратору — бул биринчи кезекте медициналык аппарат. Ал ГОСТтун талаптарына жооп бериши керек. Кычкылтек баллондорун пайдалануу техникалык көз караштан алып караганда деле кооптуу болушу мүмкүн. Анан да кычкылтекти титрлөө, башкача айтканда, ар бир бейтапка "ченемди" жекече өлчөө зарыл.

0
Белгилер:
дарыгер, дарт, пневмония, өпкө, аба, кычкылтек концентратору
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Кычкылтек концентраторун сатып алууга өлкө казынасынан 50 млн сом бөлүндү
Түркиядан дагы 1 000 кычкылтек концентратору алып келинди
Катар Кыргызстанга 420 кычкылтек концентраторун бермей болду