Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сагынбаев: тамчылатып сугаруунун үч пайдасы бар

© Sputnik / Табылды КадырбековАйыл чарба жана мелиорация министрлигинин суу ресурстары инновациялык технологияларды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Аскарбек Сагынбаев
Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин суу ресурстары инновациялык технологияларды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Аскарбек Сагынбаев  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин суу ресурстары инновациялык технологияларды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Аскарбек Сагынбаев тамчылатып сугаруунун негизги үч пайдасын айтып берди.
Сагынбаев: тамчылатып сугаруунун үч пайдасы бар

Тамчылатып сугаруу биринчи кезекте түшүмдүүлүктү жогорулатат. Бул тууралуу Аскарбек Сагынбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, тамчылатып сугаруу аркылуу берилген дарылардын 90 пайызы өсүмдүктүн тамырына жетет.

"Тамчылатып сугаруу системасы өлкөгө 2014-жылы келди. Ошондон баштап тездик менен жайылууда. Анткени аталган система дыйкандар үчүн үч негизги пайданы алып келери белгилүү болду. Биринчиден, суу үнөмдөлөт, экинчиден, түшүмдүүлүк жогорулайт, үчүнчүдөн, жер кыртышын эрозия сыяктуу түрдүү ооруларга кабылуудан сактайт. Өзгөчө суу жетпеген кайрак жерлерге, кумдуу топурактарга дыйканчылык кылууда чоң жемишин берет. Агызып сугарууда берилген азот же башка дары-дармектин 50 пайызы гана жетсе, тамчылатып сугаруу аркылуу өсүмдүк дээрлик 89 пайызын кабыл алат", — деди Сагынбаев.

Ал ошондой эле аталган министрлик тамчылатып сугаруу системасы боюнча дыйкандарга кеңеш берип, окутуу иштерин жүргүзүп келерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0