Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Иманалиев: "Акылдуу мектеп" Ысык-Көл районунан башталат

© Sputnik / Табылды КадырбековЫсык-Көл районунун акими Данир Иманалиев
Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында район аймагындагы мектептерде билим берүү системасы электрондоштурулуп жаткандыгын айтты.
Иманалиев: "Акылдуу мектеп" Ысык-Көл районунан башталат

"Акылдуу мектеп" долбоору өлкө аймагы боюнча алгачкы ирет Ысык-Көл районундагы окуу жайларга киргизилип жатат. Бул тууралуу Данир Иманалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, "Акылдуу мектеп" долбоору Москва шаарындагы орто билим берүү окуу жайларында колдонулуп жаткан электрондук билим берүү системасынын мисалында ишке ашырылып жатат.

"2019-2020-окуу жылынан баштап Ысык-Көл районундагы 30 мектепте билим берүү системасы электрондук негизде жүрө баштайт. Бул жылы биз жергиликтүү орто билим берүү окуу жайларына "Акылдуу мектеп" долбоорун киргизип жатабыз. Ага ылайык бардык кагаз иштери автоматташтырылып, санарипке өткөрүлөт. Мугалимдер мурункудай план жазып убакыт коротушпайт. Журнал жана окуучулардын күндөлүктөрү толугу менен электрондук форматка өткөрүлөт. Мындай жаңылануунун аркасы менен ата-энелер да окуу жайдагы жаңылыктардан кабардар болуп, баласынын жетишкендиктери жана жүрүм-туруму менен онлайн түрүндө, каалаган убакта тааныша алат. Ошондой эле мугалимдердин ишин көрүп, өтүлүп жаткан сабактар менен окуу программасын көзөмөлдөгөнгө мүмкүн болот", — деди аким.

Ошондой эле ал алдыда "Акылдуу бала бакча" долбоорун ишке киргизүү пландары бар экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0