Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сагынбаев: Кыргызстанда дары чыгарган завод ачылат

© Sputnik / Табылды КадырбековӨнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Жыргалбек Сагынбаев. Архив
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Жыргалбек Сагынбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Жыргалбек Сагынбаев өлкөдө дары чыгарган заводдун курулушуна Индия тарап кызыкдар экендигин айтты.
Сагынбаев: Кыргызстанда дары чыгарган завод ачылат

Кыргызстанда Индия менен биргеликте дары-дармек чыгарган завод куруу пландалып жатат. Бул тууралуу Жыргалбек Сагынбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган завод дары-дармектин жеңил түрлөрүн чыгарууга багытталат.

"Өлкөдө көптөгөн дары чөптөр өсөт. Алардан сапаттуу дары-дармектерди жасоо мүмкүнчүлүгү чоң. Бул иштерди колго алуу максатында биз Индия мамлекетинин тиешелүү тармактарына бир нече ирет кат жаздык. Мындай завод алгач эле элди сапаттуу дарылар менен арзан баада камсыздоого шарт түзөт. Азырынча ишкана кайсы аймакка курулуп, канча жумуш оруну пайда болору белгисиз. Мунун баары эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн алкагында белгилүү болот. Бирок дары чыгаруу үчүн алгач керектүү чөптөрдү ар кайсы облустардан чогултуу иштери жүрөт. Андан соң аны жасаган адистер керектелет. Андыктан, аз эмес адам жумуш орду менен камсыз болот деп күтүп жатабыз. Азырынча заводдон дары-дармектердин кеңири жайылган жеңил түрлөрүн чыгаруу пландалууда", — деди Сагынбаев.

Ал алдыда Индиянын Кыргызстандагы элчиси менен бул маселени талкуулоо боюнча жолугушуу болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0