Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кадыров: иштетилбей жаткан жерди көп жылга алууга дыйкандарга шарт түзүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековЭксперт Арстан Кадыров. Архив
Эксперт Арстан Кадыров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эксперт Арстан Кадыров иштетилбей жаткан жерлерди көп жылдык пайдаланууга берүү мыйзамынын ишке киришин күтүп жаткан дыйкандар арбын экенин айтты.
Кадыров: иштетилбей жаткан жерди көп жылга алууга дыйкандарга шарт түзүлөт

Аймактарда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жерди элден аябай, пайдаланууга берип салууга мыйзам жол бербей жаткандыгын көп айтышат. Бул тууралуу Арстан Кадыров Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, сапаттуу чөп чыкпаган жайыттар жана түшүмдү аз берген айдоо аянттарына көп жылдык мөмөлүү бак отургузууга уруксат берген мыйзамды кошуна Өзбекстан менен Тажикстан мурда эле кабыл алып, ийгиликтүү иштетип жатат.

"Республиканын бардык аймактарында, өзгөчө Баткен, Ысык-Көл облустарында пайдаланылбай жаткан, асылдуулугу төмөн жерлер бар. Жаңы мыйзам кабыл алынса, мына ушул аянттар көп жылдык бак тигүүгө дыйкандарга берилет. Аны алуу үчүн фермер алгач беш жылдык бизнес планын түзүп, тиешелүү мекемеге кайрылышы керек. Анда кайсы жылы үлүш жерди таштан тазалай турганынан баштап, суу жеткирүү, азыктандыруу, тигилүүчү бак-дарактын түрүнө чейин көрсөтүшү талап кылынат. Эгер дыйкан көрсөтүлгөн мөөнөттө өз бизнес планын ишке ашыра алса, анда кийинки жылдарга мыйзамдын негизинде көп жыл колдонууга ала алат. Эгер аткара албаса, жер кайра мамлекетке кайтарылат. Мыйзамдын иштөө механизмдерин өкмөт дагы кененирээк иштеп чыгат", — деди Кадыров.

Ал дыйкандар кооперативге биригүү менен аталган жер үлүштөрүнөн жакшы киреше тапса болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0