Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бакиров: жаңы мыйзам жайыттарды жакшыртууга багытталат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты, вице-спикер Мирлан Бакиров. Архив
Өнүгүү — Прогресс фракциясынын депутаты, вице-спикер Мирлан Бакиров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты, вице-спикер Мирлан Бакиров асылдуулугу төмөн айыл чарба багытындагы жерлерди натыйжалуу иштетүү боюнча мыйзам долбоору жазылып чыкканын айтты.
Бакиров: жаңы мыйзам жайыттарды жакшыртууга максатталат

Мыйзам долбоору үч окуудан өтүп, учурда президентке кол коюуга жиберилди. Бул тууралуу Мирлан Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган мыйзам кабыл алынса Жер кодекси, жайыттар жөнүндө, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мыйзамдарына өзгөртүү, толуктоолор кирет.

"Өлкөдө 500 миң гектардын айланасында асылдуулугу төмөн айыл чарба багытындагы жерлер бар. Биз сунуштаган мыйзам долбоору мына ушул жерлердин түшүмдүүлүгүн арттыруу менен экономикага салым кошуп, экологияны сактап, жер кыртышынын ошол бөлүктөрүн түрдүү оорулардан арылтууну көздөйт. Бүгүнкү күндө жайыттар гектарына 12 сомдон салык төлөсө, ал жерге көп жылдык мөмө берүүчү бак-дарактар тигилип, жер үлүшү трансформацияланса жергиликтүү администрацияга төккөн салыгынын наркы 200 сом болот. Муну менен катар жердин сапаты жакшырып, экологияга оң таасирин тийгизет. Ошондой эле өлкөнүн сапаттуу мөмө-жемиштерди экспорттоо мүмкүнчүлүгү чоң болуп туруп, бул тармак өнүкпөй келет. Бул мыйзам ишке кирсе, мына ушул тармак дагы колго алынып, кооперативдер түзүлүп, жумуш орундары пайда болот", — деди Бакиров.

Депутат аталган мыйзам иштеп баштаса, айыл чарба тармагында олуттуу өзгөрүүлөр болоруна ишенерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0