Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин окуу иштери боюнча проректору Мирлан Чыныбаев. Архив

Чыныбаев: КМТУнун студенттери эми окуп жатып эле иш менен камсыз болушат

97
(жаңыланган 16:17 05.07.2019)
Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин окуу иштери боюнча проректору Мирлан Чыныбаев аталган окуу жай бул жылы жергиликтүү ишканалар менен келишим түзүп, заман талабына жараша билим алган жаш адистерди даярдап чыгарууга аракет көрүп жаткандыгын билдирди.
Чыныбаев: КМТУнун студенттери эми окуп жатып эле иш менен камсыз болушат

Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенттери эми атайын келишимдин негизинде теориялык билимин өздөрүнүн иш ордуларында тажрыйба түрүндө бекемдешет.

Бул тууралуу Мирлан Чыныбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып белгиледи.

Анын айтымында, техникалык билимге кызыккан абитуриенттер жергиликтүү ишканалар тарабынан тандалып алынат жана үч тараптуу келишимдин негизинде КМТУга окууга жөнөтүлөт.

"Учурда Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку окуу жайларга тажрыйба менен теорияны айкалыштыра окуткан билим берүү системасын киргизүү тапшырмасын берген. Бул багытта биз атайын ченемдер боюнча иштеп жатабыз. Күзүндө билим берүүнүн аталган ыкмасы талкууга чыгарылат. Бирок бул жылы пилоттук программа катарында жергиликтүү ишканалардын бири менен келишим түздүк. Анын алкагында биз төрт абитуриентти кабыл алабыз жана төрт жыл аралыгында теорияны тажрыйба менен айкалыштырып, заманбап техника менен иштей алган жаш адистерди даярдап беребиз. Ал студенттердин окууга кеткен чыгымын биз менен келишими бар ишкана төлөп берет жана аларды кийин жумуш менен камсыз кылат. Бул үч тараптуу келишимдин негизинде ишке аша турчу программа. Студенттерди ишкана өзү тандады. Эми алар 2019-2020-окуу жылынан тарта биздин окуу жайдан билим ала башташат", — деди Чыныбаев.

Ошондой эле ал быйылкы жылы КМТУга 600 бюджеттик орун бөлүнгөндүгүн кошумчалады.

97
Белгилер:
жумуш, практика, теория, Мирлан Чыныбаев
Тема боюнча
Абдрахманов: бүтүрүүчүлөрүбүздүн 70-75 пайызы өз кесиби менен иштейт
Консенсус долбоорунун программалык офицери Айзат Русланова

Русланова: чек арага жакын жашаган жаштарды чатакта тил табышууга үйрөтөбүз

65
(жаңыланган 18:27 25.09.2020)
"Консенсус" долбоорунун программалык офицери Айзат Русланова 26-сентябрдан 25-октябрга чейин Кыргызстандын чек ара аймактарында жашаган жаштарга сынчыл ой жүгүртүү жана натыйжалуу сүйлөшүү көндүмдөрү үйрөтүлөрүн айтты.
Русланова: чек арага жакын жашаган жаштарды чатакта тил табышууга үйрөтөбүз

Долбоор Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы чек арага жакын тогуз айыл аймактардагы жаштарды камтыйт. Анда жөн гана күнүмдүк жашоодо калк арасындагы кездешчү жер, суу талашып же тил табыша албай жаралган чатактарды чечүү каралган. Бул тууралуу Айзат Русланова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, окутуу долбооруна 14 жаштан 21 жашка чейинки 54 адам катышат. Программа келечекте аларга чыр-чатактуу кырдаалды жөнгө салууга, тынчтык, пайдалуу жана мыйзамдуу ыкмалар менен чатакты чечүүгө жардам берет.

Башкыртстан чек арада калган кыргыз мигранттарына кантип жардам берүүдө. Репортаж

"Консенсус" долбоору эки этапта өтөт. Биринчиси, көнүгүүлөргө басым жасоо менен машыгуу, экинчиси, ойдон чыгарылган жасалма чатакты чечүү боюнча кейс-турнир өткөрүлөт. Окутуу Zооm платформасынын жардамы менен өтөт. Вебинарлардын натыйжалуу өтүшү үчүн катышуучулар үч топко бөлүнөт. Ар бир топтун өзүнүн жалпы сүйлөшүү чаты болот. Ал жерден онлайн-сабактарга жана окуу материалдарына шилтемелерди алып турушат, ошондой эле суроолорду берип, даярдалган мисалдарды талкуулашат. Биздин вебинарларда кыскача көнүгүүлөр камтылып, алар билимди бекемдеп, жөндөмдү жакшыртат. Долбоор 26-сентябрдан 25-октябрга чейин өтүп, программа боюнча ар күнү эки жарым сааттан окуу жүрөт. Ал эми кейс турнирде 18 команда ар түрдүү ролдорду аткарып, сүйлөшүүлөр аркылуу ар кандай чыр-чатактарды оң чечүү жагын издешет. Мында башкы максат жеңишке жетүү эмес, эң оптималдуу чечимди табуу. Ар бир раундда командаларга ар кандай ойдон чыгарылган окуялар берилет. Катышуучуларга бардык тараптын кызыкчылыктарына туура келген чечим чыгарып, бир консенсуска жетүү тапшырмасы коюлат.  consensus.ideaca.today сайтында атайын бардык адамдар көрө алган турнирдик блок түзүлөт", – деди Русланова.

Ал командалардын оюндарына эксперттик калыстар тобу баа берерин кошумчалады.

65
Белгилер:
чек арачы, долбоорлор, тренинг
Тема боюнча
Көптү үйрөндүк. Онлайн окууну кызыктуу жумушка айлантып алган мугалимдер
Саясат таануучу Шерадил Бактыгулов. Архив

Бактыгулов: ЕАЭБ, Кытай соода алакасы Кыргызстанга 3 млрд. сом пайда берет

38
Саясат таануучу Шерадил Бактыгулов Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин эл аралык Бреттон-вудс системасы, финансылык институттар түзүлүп, алар долларга байланып калганын айтты.
Бактыгулов: ЕАЭБ, Кытай соода алакасы Кыргызстанга 3 млрд. сом пайда берет

ЕАЭБ менен Кытайдын ортосундагы соода-алака улуттук валюта аркылуу жүргүзүлсө, Кыргызстан 3 миллиард сом үнөмдөп калат. Натыйжада бул товарлардын наркы арзан болушуна мүмкүндүк түзмөк. Мындай пикирин Шерадил Бактыгулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, соода байланыштарын улуттук валютада жүргүзүү үчүн алтындын баасын ченем катары колдонууга болот.

Карабаева: ЕАЭБде доллардан арылуу маселеси бир нече жолу талкууланган

"ЕАЭБ менен Кытайдын ортосундагы соода байланыштарын улуттук валюта менен жүргүзүүдө эл аралык финансылык система кандай иштей турганын кароо зарыл. Бреттон-вудс системасы түзүлгөндө долларга байланып калган. Ошондон тарта көптөгөн өлкөлөр соода жүргүзүүдө аталган валютаны колдонууда. Кыргызстан эгемендүүлүккө жетип, сомду кабыл алганда дагы долларга байлашкан. Соода байланыштарынын баары аталган акча бирдиги менен жүргүзүлгөндүктөн, ишкерлерибиз кайсы валютада соода кылса да сомду долларга алмаштырып, аны кайра керектүү валютага өткөрүүгө туура келүүдө. Мисалы, кыргыз-кытай соода айлантуусу 3 миллиард доллар. Анан алмаштыруудан ар бир доллардан элүү тыйын, бир сом үнөмдөлсө, 3 миллиард сом өзүбүздө калмак. Бул Кыргызстан үчүн чоң эле каражат. Ал мамлекетте калса товарлардын наркы да арзандамак", — деди Бактыгулов.

Серепчи Бреттон-вудс системасын көзөмөл кылган өлкөлөр Кытайдын өз алдынча валюталык саясатына каршы болуп жатышканын кошумчалады.

Бреттон-Вудс системасы — акча мамилелерин жана соода эсептерин уюштуруунун эл аралык системасы. Ал 1944-жылдын 1-июлунан 22-июлуна чейин өткөн Бреттон-Вудс конференциясынын жыйынтыгы менен түзүлгөн. Аталган система "алтын стандартына" негизделген каржы системасын алмаштырган.

Шерадил Бактыгулов ЕАЭБ валюта ишкер

38
Тема боюнча
ЕАЭБ менен Кытай: кызматташуунун бир нече тармагы талкууланды
ӨКМ кызматкери. Архивдик сүрөт

Оту асманга атылып. Бишкектин 5-кичи районунда өрттүн видеосу

0
(жаңыланган 13:27 26.09.2020)
Аянта 40 чарчы метр темир павильон күйгөн. Адамдын ден соолугуна, өмүрүнө коркунуч келген эместигин айтышты.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Бишкек шаарынын Октябрь районундагы 5-кичи районунда павильондон өрт чыкты. Окуянын жеринен тартылган видеосун "Короче" Telegram-каналы жарыялады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кечээ, 25-мартта өрт чыккандыгы боюнча кабар түшүп, аны өчүрүүгө саат 21:22де Октябрь райондук №5 ӨКБдан бир бөлүм тартылган.

Жабыла чуркап сууруп чыгышты. Өрттөнгөн унаадагы кишилерди куткарган видео

Такталган маалыматка ылайык, 5-кичи районундагы №82 көп кабаттуу үйдүн жанында аянты 40 чарчы метр, учурда иштетилбей турган темир павильон күйгөн.

Өрттүн адамдын ден соолугуна, өмүрүнө кесепети тийген эмес.

0
Белгилер:
Бишкек, ӨКМ, кырсык, өрт
Тема боюнча
Жабыла чуркап сууруп чыгышты. Өрттөнгөн унаадагы кишилерди куткарган видео
Оштогу жол кырсыгында өрт чыгып, беш киши жабыркады. Сүрөттөр