Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев

Иманалиев: быйыл бир миллиондон ашык туристтин келиши күтүлүп жатат

65
(жаңыланган 15:36 07.07.2019)
Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев бул жылы Ысык-Көл облусуна бир миллиондон ашык туристтин келиши күтүлүп жатканын айтты.

Быйыл туристтер үчүн бир топ шарттар түзүлдү. Эс алуучулардын сапары жеңил жана ыңгайлуу болуусуна аракеттер көрүлүп жатат. Бул тууралуу Данир Иманалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, облус эли үчүн туризм приоритеттүү тармак.

"Мамлекеттик тийиштүү органдар, жергиликтүү эл туристтик сезонго даяр. Биздин ишибиз толугу менен туристтерди кабыл алганга багытталат. Статистикага таянсак, былтыр бир миллион 12 миң киши келсе, бул жылы дагы миллиондон ашык туристтин келиши күтүлүп жатат. Ысык-Көл облусунун эли үчүн туризм приоритеттүү тармак болуп саналат. Тийиштүү салыктар бар, алардын негизинде туристтик объектилерден түшкөн каражат 200 миллион сомдун тегерегинде болот. Андан тышкары, туристтик сезондо жергиликтүү эл өзүнүн жеке бюджетин толтурганга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Башкача айтканда, ар жылы туристтик сезонго үмүтүбүз чоң", — деди Иманалиев.

Ошондой эле ал Ысык-Көл облусунда туризм милициясы иштеп баштаганын кошумчалады.

65
Белгилер:
Ысык-Көл, киреше, туризм, Данир Иманалиев
Тема боюнча
Туристтик милиция көлдө жүргөн палестиналык спортчуга жардам көрсөттү. Сүрөт