Жогорку соттун төрайымынын орун басары Айнаш Токбаева. Архив

Токбаева: сот адилеттигинин жогорку мектебин кайра жандантыш керек

104
Жогорку соттун төрайымынын орун басары Айнаш Токбаева үстүбүздөгү жылдын 1-февралында КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасы сот адилеттигинин жогорку мектебин башкы мыйзамга дал келбейт деген чечим чыгарганын айтты.
Токбаева: сот адилеттигинин жогорку мектебин кайра жандантыш керек

Судья болом деген талапкер сөзсүз түрдө сот адилеттигинин жогорку мектебинен окуп, атайын сертификатка ээ болуш керек. Бул тууралуу Айнаш Токбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, сотторду тандоо кеңешинин үчтөн бир бөлүгү гана судьялардан турат, калгандары бул тармакка тиешеси жок адистер. Тандоо жүрүп жатканда аталган кеңеш атайын сынак өткөрүп, аңгемелешүү менен гана чектелет.

"Сот боло турчу адам бир топ талаптарга жооп бериш керек. Эң башкысы, судья болууну ниеттенген талапкер сот адилеттигинин жогорку мектебинен окуп, атайын сертификатка ээ болууга тийиш. Ал жактан сот адистери атайын даярдыктан өтүп, квалификациясы тастыкталганда гана кызматка келе алышат. Азыркы учурда бул норма аткарылбай калды. Анткени жазында КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасы сот адилеттигинин жогорку мектебин башкы мыйзамга дал келбейт деген чечим чыгарган. Мындан улам мурункудай кылдат тандоо болбой жатат", — деди Токбаева.

Ошондой эле ал жергиликтүү соттор президент тарабынан дайындаларын, ал эми Жогорку сот жана Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясын парламент шайлаарын кошумчалады.

104
Белгилер:
Жогорку сот, Айнаш Токбаева
Тема боюнча
Токбаева: сот системасында реформа жүрбөй жатат дегендер жаңылат
ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Адилбек Чаргынов

Чаргынов: Бишкекте 12 миллион чарчы метр аянт хлор менен дезинфекцияланды

16
(жаңыланган 16:59 06.08.2020)
ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Адилбек Чаргынов ушул күндөргө карата Бишкек шаары боюнча 16 тонна хлор колдонулганын белгиледи.
Чаргынов: Бишкекте 12 миллион чарчы метр аянт хлор менен дезинфекцияланды

Борбор калаада жалпысынан 12 миллион чарчы метр аянтта дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Адилбек Чаргынов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул иштер үчүн өздүк курамдан 500гө чукул кызматкер жана колдо бар техниканын баары тартылган.

Пневмониянын жайылышына дезинфекциялоо иштери себеппи? Адистердин пикири

"Коронавирусту жайылтпоо максатында базарларда, сейил бактарда, адам көп чогулган жерлерде жалпысынан 12 миллион чарчы метр жерде дезинфекция иштери жүргүзүлдү. Анын ичинде ооруканалардагы, стационарлардагы, ошондой эле жаңы конуштардагы оорунун очогу болгон жерлер дезинфекцияланды. Бизде чачылып жаткан хлордун тийиштүү сертификаттары бар. Андан тышкары шаардык санитардык көзөмөлдөө борборунан үлгү алып текшерүүлөрдү жүргүзүп турабыз. Учурда ӨКМ тарабынан коронавирустун экинчи толкунуна даярдыктар көрүлүп, эл аралык уюмдар менен кампага корлор камдалууда. Шаарда эпидемиологиялык абал жакшырып, оорунун катталуусу токтосо дезинфекция иштери дагы акырындап токтойт", — деди Чаргынов.

Ал ЖРТ тапшырылган имараттар хлор менен дезинфекцияланганын, учурда шайлоо участокторунда бул иш уланып жатканын кошумчалады.

16
Белгилер:
хлор, коронавирус, дезинфекция
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Бишкектеги базарлар кайсы күндөрү жабык болот? Иштөө графиги
Эмен багы галереясынын арт-директору Чолпон Тентиева

Тентиева: коронавирус менен күрөштө искусство адамдары четте турбайт

22
(жаңыланган 15:37 06.08.2020)
Эмен багы" галереясынын арт-директору Чолпон Тентиева карантинден кийин жарандар үчүн көргөзмөлөр эшигин ачканын айтты.
Тентиева: коронавирус менен күрөштө искусство адамдары четте турбайт

Жарандарга өзгөчө көргөзмө тартуулоону пландап жатабыз. Анда коюлган иштер толугу менен сатыкка чыгарылат. Түшкөн каражатты коронавирус менен күрөшүүгө которобуз. Бул тууралуу Чолпон Тентиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган көргөзмө 15-августка карата уюштурулат.

Жаманкулов: августта маданий жайлардын ишмердүүлүгү онлайн уланат

"Эмил Насритдинов аттуу сүрөтчү менен бирге өзгөчө көргөзмө уюштурууну пландап жатабыз. Ал жети күн уланып, офлайн жана онлайн форматта болот. Анда акварель түрүндөгү 50гө чукул ишти сатыкка чыгарабыз. Сатыктан түшкөн каражатты коронавирус менен күрөшүүгө багытталган фонддорго которобуз. Эпидемия менен күрөшүүгө жапа тырмак киришип жатабыз. Ошондуктан сүрөтчүлөр дагы четте турбай өз салымыбызды кошууну туура деп таптык. Ошондой эле башкаларга дагы үлгү болот деген ишеним менен бул долбоорду демилгеледик", — деди Тентиева.

Ошондой эле ал "Эмен багы" галереясы бир топ пландалган иштерди эпидемияга байланыштуу жылдырууга туура келгенин кошумчалады.

22
Белгилер:
Эмен багы паркы, коронавирус, көргөзмө
Тема боюнча
Кино камындагы Жакиев, Базаров, Кыдыралиев... Мөлтүрөгөн жаштык кезден таберик сүрөт
Военнослужащие Национальной гвардии во время показательных выступлений в Бишкеке

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу: тараптар эки иликтөө жүргүзө турган болду

0
Бүгүнкү жолугушууда көйгөйлөрдү өз учурунда чечүү жана мындан аркы чатактардын болушуна жол бербөө үчүн мамлекеттик органдардын өз ара иштешүү зарылдыгы айтылды.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Бүгүн Тажикстандын Ходжаи айылында Баткен жана Согди облустарынын жетекчилеринин орун басарлары,  эки тараптын чек ара кызматтарынын жана тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү жолукту.

Ага катышкандар эки факты -  КРдин Мамлекеттик чек ара кызматынын аскеринин жаракат алышы жана тажикстандык жарандын ок жеп каза болушу боюнча ар бир тарап өзүнчө тактап, иликтөө жүргүзүү чечимине келишти. 

Андан сырткары коңшулардын октон жеп каза болгон тажикстандык жаран  боюнча маалыматтары такталды.

Эске салсак, Бүгүн эртең менен кыргыз-тажик чек арасында коңшулар тараптан ок атуу болуп, Кыргызстандын чек арачысы жаракат алгандыгы тууралуу маалымат тараган. Баткен облусунун Эки-Таш аймагында Тажикстан тараптан белгисиз адамдар аңчылык курал менен Кыргызстандын чек ара кызматынын аскерине ок атып, ал жоокердин колун тешип өткөнү маалым болгон.

 Бүгүнкү жолугушууда келип чыккан көйгөйлөрдү өз учурунда чечүү жана мындан аркы чатактардын болушуна жол бербөө үчүн мамлекеттик органдардын өз ара иштешүү зарылдыгы айтылды. 

Тараптар андан сырткары  чек арага жакын аймактарда жашагандарга түшүндүрүү иштерин улантмакчы.

Учурда кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу деп бааланды.

0